Кыргыз мамлекетинин сот системасы кандай реформага муктаж?

Маселе эмнеде?

Ооба, баарыбыздын башыбызды ооруткан маселе бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

Ага ылайык азыркы иштеп жаткан Конституция бир эле убакта президентке катардагы жарандардын укугун коргоого гарант катары ыйгарым укук берген, бирок ал президент катары, өз укугун ишке ашыра албайт. Анткени ошол эле Конституция ошол эле убакта сот бийлигине көз карандысыздыкты жана кол тийбестикти берүү менен бирге анын ишине кийлигишүүгө же андан отчет талап кылууга эч кимге укук берген эмес.

Орустар айткандай: “Судьи как “священные коровы”, делают что хотят и ходят где хотят, т.к. им придан статус неприкасаемых…”

Ооба, бизде да ошондой. Анткени ошол эле Конституция түпкүрүндө кылым карыткан кыргыз элинин кулк-мүнөзүнө, каада-салтына жана жашоо-турмуш шартына жараша кыргыз тилинде жазылып, жалпы коомчулук тарабынан чоң жыйында кабыл алынган эмес.

Ал 2010-жылы Апрель революциясынын толкунунда каза болгон патриот уул-кыздарыбыздын каны, жаны жана алардын ата-энелеринин көз жашы менен жуурулган кыргыз элинин эртеңки тагдырынын пайдубалын куруу максатында, “Благими намерениями вымощена дорога в ад” дегендей, убактылуу өкмөттүн чала сабат саясий шылуундарынын демилгеси менен: “Биз демократиялык өлкө катары өнүккөн Батыш Европа өлкөлөрүнүн үлгүсүндөгү Конституциянын негизинде жашашыбыз керек” деген ураан менен, кенен талкуусуз, кыска мөөнөттүн ичинде, кан жуткан оштуктардын денеси сууй электе, 2010-жылдын 27-июнунда референдум аркылуу кабыл алынган.

Аны дагы 2016-жылдын 11-декабрында Атамбаевдин күчү менен араң дегенде улуттун келечегине доо кетирген (36-берене) жана мамлекеттин эгемендүүлүгүнө (41-берене) шек келтирген беренелерин эптеп-септеп оңдоп-түзөп, ушул убакытка чейин улуу жеңиш катары колдонуп келе жатканыбыз дагы ачуу чындык.!

Эмки иш – ал Конституцияны катардагы кыргызстандык жарандардын кызыкчылыгына жана алардын укугун коргоого кызмат кыла турган баш мыйзам катары кабыл алуу- президент Сооронбай Шарипович башында турган жалпы кыргыз коомчулугунун ыйык милдети экени шексиз…

Бул иш албетте өтө орчундуу жана өзгөчө олуттуу иш.

Аны ишке ашыруу максатында жана эң биринчи кезекте – кыргыз элинин көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган Улуу Кыргыз Каганатынын эл башкаруу тажрыйбасын эске алып жана белгилүү тарыхчы жана философ-социолог Арнольд Тойнби Джозеф (1889 -1975) айтып кеткендей: “Эртеңки адамзаттын тарыхында дүйнөлүк адилет башкаруу системасы байыркы көчмөндөр цивилизациясына таандык, руханий дүйнөсү бийик жана пейили таза Улуу Теңир тоону жердеген салттуу, кеменгер элдин арасында гана жаралышы мүмкүн” деген эскертүүсүн унутпай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Президенти баш болуп, жалпы кыргыз элинин коомчулугу төш болуп: “Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү сот системасын кандай жол менен адилеттүүлүккө бурсак болот?” деген принципиалдуу маселени алдын-ала чечип алып, анан гана ишти баштасак туура болчудай.

Анткени жогоруда айтылган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылган: “Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын катардагы жарандарынын Конституциялык укуктарын коргоого гарант болуп бере алат” деген жобо иш жүзүндө иштебей, жөн гана куру декларация катары айтылып келе жаткан факт.

Айрыкча ошол себептен, азыркы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын беренелеринин негизинде жергиликтүү соттордун өкүмзордук чечимдерин эч ким токтото албайт жана ал үчүн эч ким эч жерде жооп бербейт. Бул өкүнүчтүү, бирок айныгыс факт.

Ал эми ошол эле Конституцияда көрсөтүлгөн 95-беренеге ылайык судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы иш жүзүндө турмуш өзү көрсөткөндөй, мыйзам бузгандыгы үчүн бир да судьяны жоопко тарткан эмес жана тарта да албайт, пара алып жатып эле кармалып калбаса. Анткени Атамбаев айткандай: “Карга карганын көзүн чокубайт” да.

Демек бүгүнкү күндүн күн тартибинде турган: “Кыргыз мамлекетинин сот системасы кандай реформага муктаж деген суроо-талап ар бир кыргызстандык жаранды тынчсыздандырбай койбойт.

Анткени жогоруда көрсөтүлгөн сот системасындагы жоопкерсиздик жана өзүм билемдик катардагы жарандардын укугун коргоонун ордуна, кайра аларды өкүмзордук чечимдери менен кордогондон башка колдорунан эч нерсе келбей калганы алардын күнөөсү эмес.

Күнөө – аларга ошондой мыйзам чыгарып берген, “кыргыз” деген аты бар, бирок заты жок, түпкүрүндө байлык менен бийликти, мансап менен тукум-курут кумарпоздукту гана туу туткан батыш цивилизациясынын ыплас принциптерине сугарылган саясий шылуундарда!..

Кыргыз элинин салт-санаасы, келечеги эмнеде?

Кыргыз элинин салт-санаасы, келечеги анын асыл адамзат дүйнөсүнө гана таандык бийик рухий дүйнөсүнүн байлыгы, пейилинин тазалыгы, мүнөзүнүн айкөлдүгү, жүрүм-турумунун жөнөкөйлүгү жана табиятка кылган этият мамилесинде.

Балким ошол себептен кыргыз элинин эң биринчи жана эң негизги жашоо-турмуш принциби: “Улууга урмат, кичүүдгө ызаат” деген философиялык түшүнүктөн башталат.

Андан кийин: “Байлык менен бийлик колдун кири, жуусаң кетет, өлсөң калат” деп жашаган күнүмдүк өмүрүндө.

Анан барып “Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деп ар бир күнү кылган адал ишинде.

Ушундай адилет турмуш сабак-тарын тутунган, түшүнгөн, билген жана аны өзүнүн күнүмдүк турмушунда дайыма жүрөгүнүн толтосунда алып жүргөн акыл-эстүү, ниети таза, пейили кенен, даражасы бийик адамдар гана өз эне тилинде заманбап мыйзам катары жазып алып, аны эддин кенен талкуусунан өткөрүп, анын алымча-кошумчаларын аттуу-баштуу, төбөсү көрүнгөн улуу-кичүү эл өкүлдөрүнүн кеңешинде бир вариантка келтирип, анан барып жалпы элдин добушу менен кабыл алынгандан кийин гана Жогорку Кеңештин макулдугу жана президентти указы менен бекитилип, кайра элдин өзүнө тартууласак туура болчудай.

Ооба, өткөн 17-майда президенттин демилгеси менен өткөрүлгөн сотреформасынын 1-жыйыны’Кыргыз Республикасынын сот системасындагы көп кемчиликтердин бетин ачты жана о.э. көп суроолорду дагы жаратты.

Мисалы:

1.Сот Сооронбай Шарипович  айткандай: “Кудайдан коркуп, ыймандуу болуп, адилет чечим кабыл алышы керек” деген кынтыксыз талабына ал ыймандуулукту жана адилеттүүлүктү кайдан алып же кимден үйрөнүшү керек, эгерде ал сапаттар анын дээринде болбосо же Кудай бербесе деген суроо туулат экен өзүнөн-өзү…

2.“Кылмыш жазаланмайын коом тазаланбайт” дейт эл-де, а бирок сот адилетсиз чечими үчүн эч кимге жооп бербесе аны ким жазалайт, коомду ким тазалайт Кудайдан башка?

3. Эмне себептен Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз мамлекетинин жарандарынын жеке менчикке ээлик укугун соттун адилетсиз чечиминен сактай албайт?

4.Эмне себептен кыргыз мамлекетинин президенти да кыргыз мамлекетинин жарандарынын жеке менчикке ээлик укугун Конституциялык гарант катары сотгун адилетсиз чечиминен сактап калууга укугу жок?

5.Эмне үчүн президентш жана Жогорку Кеңештин депутатгарын шайлоого укугу бар эл, сот бийлигинин өкүлдөрүн шайлоого укугу жок?

6. Балким сот бийлигинин адилетсиздигинин себеби б.а. өлүгүнүн сөөгү так ушул элдин элегинен өтпөй, Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык: “Президент судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтуу соттордун судьяларын дайындайт” деген жерде жатпасын?

Анткени:

– биринчиден, президент жергиликтүү соттор ким экенин билбейт, ал эми жергиликтүү эл болсо ошол жергиликтүү соттордун ким экенин абдан жакшы билишет. Демек ал сотторду ким шайлап, ким дайындашы керек?

– экинчиден, мындай шартта жергиликтүү соттор өзүлөрүнүн көз карандысыздык (94-берене 1-пункт) жана кол тийбестик (94-берене 2-пункт) макамдарына ээ экенин билгени менен иш жүзүндү өзүлөрүн дайындаган президенттен гана түздөн-түз көз каранды экендигин жакшы түшүнүшөт жана жакшы билишет, кантип анын айласын таап иштөөнүн;

– үчүнчұдөн, ошол эле убакта президентган жергиликтүү соттор тарабынан мыйзам бузуулар менен кабыл алган өкүмзордук чечимдерин токтотууга же бир башка чара көрүүгө укугу жок б.а. орустар айткандай: “Гуляй, Вася!” деген принцип менен иш алпарууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар;

– төртүнчүдөн, президент өзүнүн аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү аркылуу Конституциянын 94-беренесинин 3-пунктуна ылайык “соттун шпине кийлигишип, андан отчет талап кылууга биздин укугубуз жок деген шылтоо менен жабырлануучуларды судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясына түртүп коюудан башка чарасы да жок;

– бешинчиден, судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы болсо мыйзам бузуу менен чечим кабыл алган судьядан түшүнүк кат алат да, “иш мыйзам чегинде каралган” деген дежурный жооп менен кезектеги жабырлануучуну сыпайы узатып коюуну жакшы өздөштүрүп алышкан;

– алтынчыдан, ошентип шордуу жабырлануучу-даттануучулар болсо жогоруда айтылгандай, жергиликтүү соттон Жогорку сотко чейин, андан ары тартип комиссиясына чейин айлап-жылдап кайра-кайра бара берип, акыры жадаганга же өлгөнгө чейин сүйрөлүп жүрө беришет…

Менимче, жогоруда келтирилген фактылардын негизинде бул жерде кабыргасынан коюлган маселерди чечүү бир күндүн жумушу эмес. Анткени азыркы сот системасындагы жоопкерсиздиктен жана өзүм билемдиктен катардагы жарандардын укугун коргоп калуу эч кимдин колунан келбейт жана ал үчүн эч ким эч кимдин астында жооп бербейт.

Бир гана жол: Кыргыз Республикасынын катардагы жарандарынын укуктары мыйзам ченемдүү коргоого алынып жана мамлекет башчысы ага гарант катары ыйгарым укугун иш жүзүнө ашыра ала турган ык кабыл алынганда гана кыргыз мамлекети укуктук мамлекет боло алат.

Демек, жогоруда айтылган жүйөлөрдүн нешзинде Кыргыз мамлекетинин сот системасы чындыгында эле терең жана принципиалдуу реформага муктаж экендигин айныгыс факт катары кабыл алуу менен бирге, кыргыз элинин көөнөргүс каада-салты, бийик рухий дүйнөсү жана атадан калган жашоо-турмуш философиясы да Кыргыз Республикасынын Конституциясында өз ордун таап, кыргыз элинин келечегине ак кызмат кылышы абзел.

Албетте, бул жерде келтирилген аргументтерди жана фактыларды толуктоо жана тактоо иретинде юристтер жана жалпы кыргыз коомчулугу тарабынан да башкача ой-пикирлер жана каалоо-тилекгер айтышат деп ишенем жана күтөм.

Анткени менин оюмча эц негизга максат – кыргыз мамлекетине, кыргыз элине ошол принципиалдуу соттук реформа жана мыйзамдуулук аркылуу анын кылымдардан бери сакталып келе жаткан аброюна, дөөлөтүнө жана бийик рухий дүйнөсүнө шек келтирбей, урматтуу Арнольд Тойнби айткандай, кадырлуу кыргыз элинин адамзаттын бүгүнкү жана эртеңки тарыхында татыктуу өз орду бар экендигин дагы бир жолу тастыктоо иретинде.

Терең урматым менен, Карыбай Турусбеков

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *