Кыргыз өкмөтү алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ГСБЭП) төрагасы Замирбек Осмоновго Сөз эркиндигин коргоо комитетинен кайрылуу

Урматтуу Замирбек Бабакулович!

Жакында, 5 январда, журналист Эльнура Алкановага силердин кызмат Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салды. Бул тыюу анын журналисттик ишмердүүлүгүнө тузмө-түз байланышы бар экени түшүнүктүү. Алканова бир нече коррупциялык схемалардын бетин ачкан иликтөөлөр, алардын арасында «Идеал хаус» деген шаарчанын сатылышы боюнча да материал бар. Журналист Алканованын иликтөөлөрү фактыга таянып, абдан тыкан жана далилдүү жасалган. Алар абдан сапаттуу жана элдин көзүн ачыра турган маалыматтар.

Бирок Баш прокуратура бул фактыларды чын эмес деп таап жатат. Бул орган президенттен түзмө-түз көз каранды экени түшүнүктүү жана ал темага тийбей турайлы. Иликтөө жарыялангандан бир өтүп-өтпөй, премьер-министр Сапар Исаков журналисттин андан кечирим суроосун талап кылган. Ал өтүнүч аткарылган жок, анткени биздин да ишеничибизде, журналист кечирим сурай тургандай эч нерсе жасаган эмес.

Ал талаптан кийин, 5 январда, Алкановага өлкөнүн чегинен чыгууга тыюу салынды. Журналист өзү 8-январда тергөөгө барганда, ал күбө катары каралып жаткандыгы айтылган. ГСБЭП тараптан мындай тергөө болуп жатканы абдан туура жана андан адилеттүү жыйынтык чыгат деп үмүттөнөбүз. Бирок, эгер Алканова күбө болсо, кайсы мыйзамдын негизинде анын өлкөдөн чыгуу укугу чектелиш керек?

Биз бул ишти – адамды басмырлоо жана негизги жарандык укуктар менен Конституцияны бузуу деп кабыл алабыз, бирок, ошентсе да, адилеттүүлүк үчүн, өзүңөрдөн сурайбыз: Кайсыл мыйзамдын же принциптин негизинде журналистке өлкөдөн сыртка чыгуу укугуна чектөө коюлуп жатат?

Бул суроо менен бул иш бир гана жаран жана журналист Алканованын кызыкчылыгы эмес, жалпы элдин, чындыкты жана адилеттүүлүктү самаган коомдун түзмө-түз кызыкчылыгы. Ошондуктан биз бул кайрылуубузду коомго да жырыялайбыз жана ага чейин сизден жооп күтөбүз.

Сизди урматтап жана жооп күтүп,

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *