Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Ошко көңүл бурабы?

Капчыгында жарым миллиард АКШ доллары бар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду республикабыздагы ар кандай жеке компаниялар менен мамлекеттик мекемелердин ири суммадагы бизнес-пландарын каржылоо үчүн гана түзүлгөн. Ошол эле учурда жеке адамдарга же майда бизнес-долбоорлорго акча берилбейт. Ал эми дүйнөдөгү ири корпорациялар бир кезде жеке адамдардын чакан каражаты менен түзүлүп, андан кийин гана эл аралык деңгээлге айлангандыгын эске алсак, мындай бюрократиялык эреже экономиканын мыйзамына анчалык ылайык келбегендигине ынанабыз.

Бул фонд тууралуу өткөн жылы Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын учурунда Россиянын президенти В. Путин да сөз кылып, эки өлкөнүн, көпчүлүк учурда кыргыз тараптын кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандыгына басым жасаган. Бирок бир кезде биздин депутаттар бөлүнгөн каражат толук өздөштүрүлбөй жаткандыгын, жетекчилиги ири суммада доллар менен маяна алышарына нааразычылык айткан. Айтор каражатка какшыган чөлдөй муктаж болуп турган экономикабызга бар акча да табышмактуу себептерден улам берилбей келет.

Ким билет, жетекчиликтин саясатыбы же башка себеби барбы, айтор кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бүтүндөй өлкөбүздүн түштүк борбору аталган Ош шаарынын деле 5 долбоорун 3 жылдан бери каржылабай, сунушту кабыл албай жатыптыр..

Баарынан кызыгы, анын себебин да айтышпайт. Шаардын жетекчилиги эгер колдоо табылып, каражат берилип калса, өнөр-жай ишканаларын салалы деп атышат. Болгондо да Президент С. Жээнбеков тарабынан быйылкы жыл аймактарды, анын ичинен шаарларды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып аткан чакта, бул маселени башка жагынан ойлонууга аргасыз кылууда. Ушул жана башка маселелер жакында Ош шаарында кеңири талкууланып, өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын отурум өттү.

Ал жыйында аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында автоунаа жолу, электр тармактары, таза суу көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдору каралды. Бул көйгөйлөрдү ишке ашыруу үчүн социалдык экономикалык иш-чаралар системалаштырыла электиги, инфраструктуранын заманбап стандарттары бекититилбегени айтылды. Мындан сырткары, аймактар бирдей деңгээлде өнүкпөй жаткандыктан, миграциянын күч алышына алып келип жаткандыгын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өзү моюнга алды.

Аймактарды өнүктүрүү жылында облустардын борборлоруна өзгөчө көңүл буруу каралгандыгы да белгилүү. Бул багытта Ош шаары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна 5 долбоор жазгандыгы эскерилди. Эгер каражат бөлүнсө, Ош шаарында 5 өнөр-жай ишканалары иштеп, шаардыктарды эле эмес, коңшу аймактардагы элди да жумуш орду менен камсыздай тургандыгына шаардын биринчи вице-мэри Замир Аскаров токтолуп өттү.

Ал эми жыйынга катышкан кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун насыя боюнча эксперти Нурзада Осмонованын айтуусунда Ош шаарына мындан ары көңүл бурулат экен. Мисалы, аймактарда орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү багытында атайын жабдууларды сатып алуу үчүн да узак мөөнөткө насыяларды бере баштамакчы. Ал фонддон өнөктөш банктар аркылуу ишке ашууда. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2014-жылы түзүлүп, былтыр 700 долбоор каржыланып, ага 260 млн АКШ доллары бөлүнгөндүгү белгилүү болду.

Өткөн жылы Өкмөт кабыл алган 2018–2022-жылдар аралыгында аймактарды өнүктүрүү саясатынын концепциясы Кыргызстандын пилоттук шаарларынын базасында 20 таяныч борборун түзүүгө багытталган. Анын негизги базалары катары Бишкек, Ош шаарлары баш болуп 20 шаар кирген. Аталган шаарлар аркылуу жакын аймактарды өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Аны аткаруу менен аймактардын деңгээлин көтөрүү да негизги максат болгон.

А. Жапаров

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *