Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду өзүнчө эле банкка айланып алдыбы?

Ишкерлер чөйрөсу кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өзүнчө эле банкка айланып калганын айтып, каржылоонун заманбап усулдарына өтүүсүн талап кылып жатышат. Бул тууралуу КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтык боюнча комиссиясынын жыйынында айтты. «Негизинен үч маселе бар. Биринчиси, бул фонддун каржылоосуна ээ болуу үчүн сумманын абдан жогорку болгону, экинчиси, күрөөнү баалоо, үчүнчүсү, талаптардын ашкере катуулугу. Ошондуктан биз өлкө боюнча 20 аймактык пункттарды ачып, күрөө жана каржылоо иштерин жеңилдетүү боюнча маселени чечүү менен фонддун ишин дагы жандандырып, ишкерлердин колдоосун таба алабыз» деди ал.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *