Кыргыз-Өзбек чек арасынын ачылышынын күңгөйү менен тескейи

Мындан эки жыл мурда Өзбекстанда саясый режим өзгөрүп, Ш. Мирзиёевдин президент болушу менен өлкөнүн тышкы саясаты да жаңы нукка бурулуп, эң оболу кошуналар менен мамилеси жакшыра баштады. Өзбек президенти алгачкылардан болуп Кыргызстанга өзү кол сунуп, 150 райондук, облусттук жетекчилерден турган делегация Ошко келип-кетишкен. Андан кийин биздин да чектеш облусттардын аткаминерлеринен турган ошончо делегация Анжиян менен Фергананы кыдырып келишкен. Бул бир эле өзбекстандыктар эмес, кыргызстандыктар да чейрек кылым бою зарыга күткөн тарыхый кадам эле. Анткени Өзбекстандын маркум экс-президенти Ислам Каримовдун тегерек-четиндеги мамлекеттер менен катаал мамилеси, диктатордук режиминен тышкары да соңку 25 жылда эки ирет кайталанган Ош окуясы кыргыз-өзбек мамилесин бир топ солгундатып койгон болчу.

Өзбекстанда бизге караганда 2–3 эсе арзанчылык

Ошол эле учурда биздин ал кездеги бийлик, экс-президентибиз А. Атамбаев 15 жыл премьер-министрликти аркалаган Ш. Мирзиёев менен чогуу иштешип, жакшы мамиледе болгондуктан, өзү Ташкентке эки ирет расмий визит менен барды. Өзбекстандын президентинин да Бишкекке сапары жогорку деңгээлде уюштурулуп, ондогон документтерге кол коюлду. Алардын катарында Кыргызстан мындан ары ГЭСтерди курууда сөзсүз кошуналар менен макулдаша тургандыгы каралган. Бир чети А. Атамбаевдин ал кезде Астана менен мамилеси сууп тургандыктан, Ташкентке ооп кетти окшойт.

Ал эми карапайым кыргыздар менен өзбектер үчүн чек аранын ачылышы чоң майрам болду. Мындан ары кыргызстандык өзбектер ал жакка мурдагыдай телеграмма менен каттабай калышты. Өзгөчө “Достук” чек ара бекетинен күндө жети миңден ашык адам ары-бери өтүп жатышы ортодо соода-сатык кызыгандыгын далилдеп турат. Экономиканын тили менен айтканда деле карым-катнаш канчалык көп болсо, товар жүгүртүү ошончолук жогорулайт.

Чындыгында эле Өзбекстандан арзан баада келген жашылча-жемиштер кыргызстандык сатып алуучулардын чөнтөгүн бир топ эле жеңилдетип койду. Мисалы, Кадамжай районунун жашоочулары Ферганага Кызыл-Кыяга каттагандай эле барып калышты. Себеби ал жакта баары арзан. Эгер бир байлам укроп Кызыл-Кыяда кышында 15 сом турса, ал жакта 1 эле сом. Кадимки эле бизде баасы 100–150 сомдун тегерегиндеги шыпыргыны Фергананын базарынан 30–40 сомго тандап аласың. Тамак-аш да арзан дешет. Айтор миң кыргыз сому менен Фергананы кенен кыдырып, базар-учарыңды кылып, курсагыңды кампайтып кайтасың. Бул бир чети өзбек ашыналардын соода-сатыкка жакындыгынан, биздегидей 2–3 эсе пайда көрүүнү эмес, андан 2–3 эсе аз киреше түшсө деле каниет кылып, аларманды апийимге азгыргандай, өзүнө имерип алгандыгынан, атаандаштык өтө жогорулугунан да болууда.

Кыргызстанга келип иштеген өзбек мандикерлер көбөйдү

Көпчүлүк эмгекке жарактуу жаштарыбыз чет өлкөлөрдө жүргөндүктөн өзүбүздө иштей турган кол күчү жетишпей калууда. Мындай муктаждык айрыкча жазгы талаа иштери башталганда жогорулайт. Өзбекстан менен Тажикстандан пахта талааларына келип иштеп кеткен мандикерлер мурда деле бар болчу. Ал эми былтыртан тартып чек ара ачылганда ого бетер күчөдү.

Бирок эки өлкөнүн чегарасы ачылгандан бери алардын саны көбөйгөнүн Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы да билдирди. Ал жактан келген аялдар талааларда, эркектер курулушта иштеп жатышат. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында иштеп жүргөн өзбекстандык жумушчуларды иш берүүчүлөр арзан акысы жана сапаттуу ишине кызыгышат.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев Өзбекстандан келген мигранттар көбөйүп жатканын ырастады, бирок азырынча алардын так саны эсептеле элек экенин билдирди.

Эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышы менен өзбекстандыктардын көбөйгөнү Кыргызстандын мигранттар тууралуу мыйзамын жакшылап иштетүүгө түрткү берди. Анткени сырттан келген мигранттар жергиликтүү калктын жумушун колдон тартып алып, ансыз деле оор социалдык маселени ого бетер татаалдатууда. Бул жагдайды жөнгө салуу үчүн Мамлекеттик миграция кызматы өлкө аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иштөөгө чакырып, тиешелүү мыйзамдар бузулса алар айып тартаарын эскертип жатат.

Арзан эмгек күчү

Ушул тапта Жалал-Абаддагы пахта талааларында өзбекстандык кыз-келиндер иштеп атышат. Жергиликтүү дыйкандар алардын бир күндүк жумушуна 250–300 сомдон акы төлөйт. Бирок кыргызстандык эмгек күчүнө 400 сомдон жогору алышат. Мигранттар кимдин талаасында эмгектенсе, ошонун үйүндө жашайт. Тамак-ашы да үй ээсинин мойнунда.

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарындагы жеке курулуштарда акча таап жүргөн өзбекстандык жигиттер да оңой табылат. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдү курган өзбекстандыктар да көбөйгөнү байкалат.

Өзбекстан өзүнүн жарандарына эскертет

Мыйзамдын иштей баштаганынан кийин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга барууга камынган жарандарына кайрылып, коңшу өлкөгө киргенден кийин 5 күн ичинде каттоого туруу зарыл экенин эскертти.

Мындай билдирүү 11-май күнү министрликтин расмий сайтына жарыяланды. Анда кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрында чыккан токтомуна ылайык, өзбекстандыктар Кыргызстандын чек арасынан өткөн соң, 5 күн ичинде каттоого туруу зарыл экендиги айтылат. Эрежени сактабагандарга кыргыз улуттук валютасы менен 10 миң сом айыппул салынат.

Кыргызстанда мигранттарга мыйзам кандай иштейт?

Ал арада мигранттарды иштетип жаткандар текшерилип, айыппул төлөөгө милдеттендириле баштаганын Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунун тургундары кабарлашканын “Азаттык” сайты жазып чыкты. Мыйзамга ылайык, Өзбекстандын жараны Кыргызстанда беш күн ичинде каттоого турушу керек. Антпесе 10 миң сом айыппулга жыгылат. Экинчи ирет ошол эле көрүнүш кайталанса, депортацияланат.

Мигрантты иштетип жаткан адам Миграция кызматына кайрылып, жумушка уруксат берүүчү кагаз алууга тийиш. Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия “Мигрант өлкөгө зыян тийгизбейби?”, — ​деп бир нече критерийлер менен карап чыккан соң, эки жума ичинде уруксат кагазын берет же баш тартат.

Уруксат кагазы мигрант кыргызстандык жарандардын жумуш ордун талашпаса гана берилет. Уруксат кагазы жок иштеген мигрантка 10 миң сом айып салынат. Аны иштетип жаткан кыргыз жаранына “мыйзамсыз миграцияны колдонгон” деп кылмыш иши ачылат.

Өзбекстан мигранттардын мекениби?

Өзбекстандан мигранттардын чет мамлекеттерге көп чыгышы Кыргызстандагыдай эле көрүнүш. Алар да негизинен Орусияга барышат. Орто Азия изилдөө борборунун маалыматы боюнча, Өзбекстандын бийлиги Казакстан жана Орусияда иштөө үчүн бара турган жарандарына атайын поезд жана автобустук кызмат ишин баштайт. РФнын ИИМинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө жүргөн мигранттардын 10%ын өзбекстандык жумушчулар түзөт жана болжол менен 1 млн адам, алардын болжол менен жарымына (765,8 миң) эмгек патенттери берилген.

Булар Орусияга кеткен мигранттардын болжолдуу саны болду. Ал эми Кыргызстанга канча мигрант келгени боюнча маалыматтарды тактап көрөбүз.

Мамлекеттик миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Канат Сагынбаевдин маалыматына караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 12 айда 118 жаранга Кыргызстанда иштөө боюнча уруксат кагазы берилсе, быйылкы жылдын 5 айында 109 адам иштөөгө уруксат кагазын алган. Бирок бул сандар реалдуу иштеп жаткандардан алда канча аз.

Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 888 миң 814 адам Кыргызстандын аймагына кирсе, 842 миң 252 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Булардын көпчүлүгү Кыргызстанга транзит аркылуу өткөндөр болуп саналат. Кыргызстан менен Өзбекстандагы “Достук” өткөрмө бекетинен ары-бери өткөндөрдүн саны күнүнө 10–12 миң адамга жеткен.

Эмилбек Момунов

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *