Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Кавасаки Эл аралык фестивалына катышты

2018-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги жыл сайын өткөн Кавасаки Эл аралык фестивалына катышты.

Дипломатиялык миссия, аталган шаардын Мэриясы менен биргеликте, Кыргызстан жана анын туристтик даремети тууралуу маалыматтык буклеттерди таратуу менен бирге Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштурду.

Фестиваль алкагында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар боюнча бет ачар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, 16 000 ашык коноктор кыргыз продукциясы менен (ар-кандай кийизден жасалган буюмдар жана айыл чарба азыктары) таанышышты.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *