Зайнидин Курманов, профессор: “Кыргыз шайлоосунун сырткы тарабы. Тандоо артыкчылыгы кандай өнүгөт?”

2017-жылдын 15-июлундагы узак интригалардан кийин КСДП партиясынан башкы талапкер жарыяланып, өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалды. Экинчи талапкер – ЖК спикери Чыныбай Турсунбековго КСДПнын съезди өкмөттү сындоо үчүн чыгууга мүмкүнчүлүк бергени менен ал өз жүзүн сактап калууга күрөшүп, шайлоого өзүн-өзү көрсөтүүгө мажбур болду. Ошентип бүгүнкү күнгө жарыштын негизги фавориттери – Т.Сариев, Ө.Бабанов, С.Жээнбеков жана Б.Төрөбаев аныкталды. Алардын бардыгы жеңишке ат салышуу үчүн ички ресурстарга (материалдык, шайлоо ж.б.) ээ болушту. Ал эми талапкерлердин тизмеси үчүн тышкы колдоо тууралуу эмне айтууга болот?

Кыргызстандагы шайлоого кызыккандардын арасында Россия, АКШ, КЭР, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Катар, Сауд Арабиясы жана башкалар бар. Эксперттердин пикири боюнча, бул өлкөлөр күчтүү талапкерлердин жолугушуу маршрутуна кол сунушту. Албетте, жарыштын келечектеги жеңүүчүсү ички жана эл аралык колдоого ээ болуусу керек. Бул аксиома.

ММКлар кабарлагандай, акыркы айларда олуттуу талапкерлер Москвада болгону маалым болду. Кыргызстандык шайлоочулардын Россияга болгон жагымдуулугу (Кыргызстандын калкы 4/5) жогору, анткени жумуш издеп кеткен мигранттардын саны (0,6 миллионго жакын) көп. Алардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына которулган акчалары өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бирин түзөт.

Эксперттердин айтуусу боюнча, Россия азырынча өз тандоосуна токтоло элек. Анткени талапкердин көпчүлүгү Орусияга каршы болбогондуктан, алардын ар бири менен иштеше алышат. Ошондой болсо да КМШ чек араларына эл аралык терроризмдин жакындашын Москвага милдеттендирет. Эгер жакында болгон окуяга кайрылсак, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилеси жүрөк жылытарлык, кредиттер, карыздар чийилип, достугу бекемделген. Бирок, президент Акаев өлкөгө америкалык базаны алып келсе, Бакиев аны өлкөдөн чыгарууну убада кылганы менен аткара алган жок. Атамбаев аталган авиабазаны өлкөдөн чыгарып салды. Бирок, россиялык ок атуучулар тарабынан Түркияга жасалган аракетке карата кыргыз бийлиги көпкө унчукпай турганы маалым. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча күтүүсүз келишимди айтсак болот. Россия менен Катардын курчуган мамилеси учурунда жана Доха аэропортунда россиялык элчи сабалганда премьер-министр Бабанов расмий иш сапары менен Катарга барып, эл аралык терроризмди каржылаган өлкө менен дипломатиялык мамилелерди түзүп келди. Иш сапарда мындан башка да дипломатиялык эмес актылар, акча жана жардам тууралуу кептер козголду. Эксперттер муну кызматташуу «зигзагы» деп аташты.

Талапкер Ө.Бабанов кээ бир россиялык жогорку кабинеттерге кирген, эксперттердин баамында чечен миллиардери Бажаев ага компаньон ачып берген. Бирок «негизги» кабинеттерге ал кирген эмес, эмесе эмгиче белгилүү болмок. Ал Казакстандагы атайын чөйрөнү колдонот. Ошондой эле анын аркасында АКШ жана Европа менен жакшы мамилеси бар, аска-тоодой экс-президент Роза Отунбаева турат.

Россияны Бабановдун Катар менен болгон окуя сыяктуу саясый ишмердүүлүгү жана экономикалык дивиденддер чектелген ишкерлердин «ийкемдүүлүгү» ойго салат.

Талапкер С.Жээнбеков КСДПнын съездинде Атамбаевдин жолун улантарын, Россия Федерациясы менен мамиленин туруксуздугун, Түркия жана Россиянын кагылышын айтты. Андан да эксперттер премьердин араб монархиясы Сауд Арабиясы, Катар менен мамилесинин бекемдигин, ал жактагы элчибиз анын агасы экендигин баса белгилешет.

Ал эми Б.Төрөбаевдин тышкы колдоосу боюнча эксперттерге азырынча белгисиз. Бул талапкердин аркасында эч кандай дипломатиянын жоктугу анык.

Т.Сариев – демилгечиси Россия болгон ЕАЭБдин жана Бажы биримдигине Кыгызстанды киргизген архитектор десек болот. Ал бул ишти экономикалык өнүгүү министри болуп турганда баштаса, премьер-министрликке келгенде аягына чыкты. Сариевдин бул сапаты көрө билгендик, бекемдик катары бааланабы? Бул жагынан алып караганда, Москва үчүн мындай талапкер бардык жагынан дал келгендей го? Балким.

КСДПнын катардагы талаш-тартыштарынан улам президенттикке бул талапкер өтүп кетеби?..

Зайнидин КУРМАНОВ, профессор, тарых илимдеринин доктору

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *