Кыргыз спортчуларынын ийгилигине жол ачкан Канат Бегалиев

Аталган рубрикабыздын бүгүнкү коногу 2оо8-жылы Бээжин олимпиадасында күмүш медаль тагынып кыргыздын атын чыгарып, намыс коргоп, желегибизди бийик желбиреткен спорт чебери Канат Бегалиев болмокчу.

Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Бээжин олимпиадасында жараткан ийгилиги үчүн мамлекет тарабынан Даңк медалы менен 2008-жылы сыйланган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Учурда Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти кызматтын аркалайт.

Спорттон сырткары сууда сүзгөндү жана бильярд ойноону жактырат. Жакшы ырдайт, тар чөйрөдө обон созуп калат. Кээде ырдап бугун чыгарат, жаратылышта эс алып энергия топтойт.

Спортко ташталган кадам…

“Аганы көрүп ини өсөт” дегендей, өзүнүн бир тууган агалары спорт менен машыгып, ар кандай сынактарга катышып жүргөндүктөн, Канат Бегалиев да кичине кезинен эле спортсмен болууну самап, 14 жашынан баштап күрөш менен машыга баштайт. Ошол кезде өзү менен бирге спортко барып жүргөн балдар борбордогу спорт мектебине кете башташат. Алардын кетип жатканын көргөн кичинекей Канат Бегалиевдин да спорт мектебине кеткиси келет. Бирок ата-энеси каршы чыгып, айласы кеткенде акыры машыктыруучу Ороз Шаршекеев деген агайын ортого салып, спорт мектебине келип кирет. Атайын айылдан келгенден кийин деп машыгууну калтырбай, болгон күчүн спортко арнап, бир жыл убакыт өтпөй эле, тагыраак айтканда 1998-жылы Москвада жаш балдардын дүйнөлүк олимпиадасы өтүп, анда 8-орунга илинет. Бул жаш спортчунун алгачкы чоң ийгилиги болгон десек болот. Себеби өз салмагы боюнча дүйнөлүк мелдеште 8-орунга татыктуу болуунун өзү жетишкендик эле. Дал ошол мелдеш жаш спортчунун келечегине жол ачып берген десек жаңылышпайбыз.

Бала чагы…

Спортчунун бала чагы өзү туулуп- өскөн Өзгөрүш айылында өткөн. Мектепте окуп жүргөндө классындагы эң кичинекей бала болгонуна карабай, эң тентеги да болуптур. Башка класстагы балдарды бири-бири менен кайраштырып, көп мушташтыргандыктан айылдагы апалар кечектеги чоң спортчуну көп жактырышпай, кийин спорт мектебине кеткенде “чын эле ушул тентектен арылдыкпы?” деп кадимкидей кубанышып, көпкө чейин ишенбей жүрүшүптүр. Айылдан келген тентек бала спорт мектебине келгенде жоош балага айланат. Себеби шаардын мектебинде  андан да тентек «жинди» балдардын көп экенин көрөт. Ошону менен бала кездеги тентектиги токтолуп, спортко олуттуу мамиле жасап, ийгилик жаратат.

Өкүнгөнү

Бээжиндеги жеңиштен кийинки мактоолор, атак спортчуну көптүрүп жиберип, ал дагы бир жолу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарат. Болбосо Канат Бегалиев Бээжин олимпиадасын жеңген кезде болгону 25 гана жашта болчу. Анын дагы бир олимпидага катышып, өз күчүн сынап көрүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар эле… «Алтын алмайынча спорттон кетпейм» деген сөзүн «жылдыз оорусу» иш жүзүнө ашырбай койгонуна өзү да өкүнүп келет. «Спорттун өмүрү кыска, убакытты уттурбагыла, убагында күчүңөрдү көрсөтүп калгыла жана эч качан күчүңөрдү өзүңөрдөн алсыздарга колдонбогула. Чыныгы балбан өзүнөн күчтүү атаандашка гана күчүн жумшайт» -деген кеңештерин жаш спортчуларга айтып келет.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *