Кыргыз спорту жана алешем мамлекеттик саясат

Мына, бүгүн Пхенчхандагы кышкы Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп турат… Прогрессивдүү адамзаттын эзелтен эле — ​байыркы гректер доорунда, — ​башталып, ХХ кылымдын башынан бери туруктуу эреже-ыраат менен, бүт дүйнө өлкөлөрүндө кезек менен, чүчү кулак кармоо (жребий) аркылуу өткөрүлүп келе жаткан спорттук майрам. Биздин Кыргызстан көбүнэсе катышпай, четте калып, же кээде катыша калса да, алыскы, же чоочун “конок” сыңары болуп келе жаткан майрам!..

Ушуга байланыштуу, кечээ жакында Бишкекте болгон дагы бир чакан спорттук окуя ар кандай карама-каршылыктуу ассоциацияларды жаратпай койбойт. Июнда Россия Федерациясында өтө турган футболдук дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу дүйнө Кубогун салт боюнча башка мамлекеттерге да кыдыртып, ышкыбоздорго көрсөтүп коюу сыяктуу жөрөлгөсү боюнча ФИФАнын өкүлдөрү жана таанымал футболчулар келишкен экен, буга биздин жарандарыбыз терисине батпай сүйүнүшүп, жандай калып сүрөткө түшүшүп, кыска көз ирмемге болсо да, бактылуу болуп калышкансыды. Атактуу Пеле же Марадона келип калышса, Бишкек такыр эле дүңгүрөп кетмек беле, ким билет?! Анан калса, айрым жаш футболчуларыбыз кубокту өбүшүп, “бул Кубок жакында биздики болот!” — ​деп жатышканына, бир жагынан элибиздин “жаштын тилегин берет” деген ишенимин эстеп, “ой азамат, тилегиң кабыл болсун!” дегиң келсе, экинчи жагынан, өлкөнүн азыркы коомдук-саясий, экономикалык абалына карап, күлкүң келет, анан, бир аз ойлонгон соң, арыңа келесиң да; “Ээй, иничек, жашоого реалдуу караганды үйрөн, алдыңа реалдуу максаттарды кой да, аларга жеткенди үйрөн, тек гана куру кыялдарга алданып жүрө бербей!” — ​дегиң келет.

Дегеле чоң спорт боюнча (планетардык, дүйнөлүк масштабдагы) сөз кыла турган болсок, Кыргызстан дүйнөнүн эң эле алыста, артта калган провинцияларынын бири болуп келе жаткандыгын моюнга алуу керек. Ким билет, балким, бул ойлорго айрым бир “ура-патриоттор” “Биз эки жолу дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрдүк, эми мына — ​быйыл үчүнчү жолу өткөргөнү жатабыз!” — ​деп каршы болушар. Арийне, объективдүү айта турган болсок, миллиондогон долларлар кумга куйган суудай дайынсыз кетип жаткан, азырынча “дүйнөлүк” деп атоого өтө эле чоюп айтканда гана ылайык келбесе, илгерки кыргыздын кышында иши жок, бозого тойуп алып, бекерчиликтен эриккенден улам, “баланча коңшу айылда улак-тартыш болуп жатыптыр, барып келелик!” — ​деп, дүрбөп калышканын гана эске салууда… “Дүйнөлүк” деген статуска ээ болуш үчүн, БУУнун спорт иштери боюнча функционерлеринин колдоосун алып, атайын Жобо, тартип ж. б. дагы ушул сыяктуу процедуралар сөзсүз түрдө иштелип чыгып, ар бир континенттен белгилүү бир өлчөмдөгү командалар (көрүүчүлөр, сый коноктор, журналисттер эмес!) катышуусу зарыл деген критерийлерге туура келиши зарыл. Дүңүнөн эле “элүү өлкөдөн келишти, 60тан ашуун өлкөдөн келишти!” — ​деп, ооз көптүрүп, айтып коюу менен маселе чечилип калбайт.

Олимпиадалык оюндарда жана дүйнөлүк чемпионаттарда ошол финалдык оюндарга катышуу укугун жеңип алган командалардан башка дагы бүт дүйнөнүн командалары катышып, төрт-беш жыл бою тандалуучу, иргеле турган этаптардан өтүшөрү маалым. “Дүйнөлүк” көчмөндөр оюндарында ошондой квалификациялоочу электер каралганбы? Шашылыш чакырылгандардын ичинен, каалагандарынын баары келип, өз эркинче эле катыша беришсе, бул, демек, жогорудагы айтылгандай “кыргызбайча улак тартыш уюштуруу” деңгээлинен көп деле айырмаланбай кала берери анык… Бул оюндардын быйыл үчүнчү жолу Кыргызстанда өткөрүлгөнү жатканы эле анын “дүйнөлүк” деген аталышынан шек жаратат. Эгерде андай болсо, 2014-жылы эле эстафетаны зор салтанат менен кийинки өлкөгө өткөрүп берүү керек болчу. Эми мындай болуп калган соң, бул Кыргызстандын жеке өзүнө гана таандык спорттук мелдеш (а быйыл фольклордук-этнографиялык өнөрлөр да кошулуусу күтүлүүдө!?) таандык болгон жарымы-спорт, жарымы фольклор, жарымы-той сымал гана пиарлык иш чара сыяктанып калышы ыктымал! Ал эми жогорудагыдай экономикалык абалды эске ала турган болсок, — ​кадимки эле “пир во время чумы”!..

Өткөн жылы Чолпон-Ата стадионун реконструкциялоо боюнча айрым адамдар кылмыш жообуна тартылганы, азыркыдай жети-сегиз жылдан бери өтө оор бюджет тартыштыгы өкүм сүрүп келе жаткан чакта, миллиондогон долларлар сарпталып жатканы жакшы жөрөлгө эмес. Өлкө жетекчилери бул оюндарга бюджеттен эч нерсе коробойт, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлөт деп ишендиришүүдө. Бул чын эле ушундайбы, же кандайдыр бир шылуундар үчүн бул ири иш-чара шектүү каражаттарын “адалдоого” («отмывать» этүүгө) өбөлгө түзүп берип жатабы? — ​муну тиешелүү мамлекеттик органдар дыкаттык менен изилдөөгө алышы зарыл!..

Азырынча жалгыз гана көкбөрү кыргыздарда улуттук масштабда болуп (бразилиялык, англиялык футбол, канадалык хоккей сыңары), соңку эгемендик жылдарда бул багытта бир топ жылыштар жаралды. А бирок, аны Орто Азиялык төрт-беш тили-салты боюнча тектеш элдердин рамкасынан сыртка чыгаруу үчүн, мамлекеттик деңгээлде кандайдыр бир конкреттүү иш-аракеттер жасалдыбы? Муну айтуу кыйын. Ал эми башка спорт түрлөрүнө келсек, эгемендүү Кыргызстаныбыздын абалы мурдагы союз тушундагыдан кыйла ылдый түшүп, туташ кризиске батып калган кези…

Олимпиада — ​дүйнөлүк масштабдагы эң чоң коомдук-саясий окуя экендиги айкын. Туура, бул окуя формасы боюнча спорттук мелдеш бойдон кала берет, а бирок, — ​түпкү маани-маңызы боюнча алганда, эбак эле ал алкак-чектен чыгып кеткен. ХХ кылымдан бери спортту, адабиятты-маданиятты жана искусствону идеологиянын эң башкы, авангарддык бөлүгү катары карашкан өлкөлөр гана өнүгүүнүн башкы саптарында келе жатышканы да бекеринен эмес!.. СССР, АКШ, Англия, Германия сыяктуу спорттук дүйнөлүк державалар “кансыз согуш” доорунда өз ара ушул спорттук беттешүүлөрдө гана атаандашып, келишкис болуп, такай таймашып келишкендиги маалым. Бул тармакта мындай жагдай азыр деле дал ошол калыбынан жазбай уланууда…

Сочидеги олимпиада учурунда орус спортсмендеринин допингдерди колдонуусу дээрлик мамлекеттик масштабда болгон, ал гана тургай, өлкө президенти Владимир Путиндин жеке көзөмөлүндө болгон деп айтып келген окумуштуу-врач Григорий Родченковдун кыйла жылдардан бери эл аралык чырларда аты чыгып келе жаткан журналист Джулиан Ассандж, же андан кийинки Россияга качып келген мурдагы АКШлык ЦРУнун мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденден да ашып түшкөн эле чуулгандуу фигурага айланышы да, дал ошондой көшөгө алдында (спорт аркылуу!) тирешкен эл аралык саясат менен тыгыз байланышкан!..

Андан дагы тереңдеп карай турган болсок, — ​азыркы кезде Кытай соңку олимпиадаларда жогоруда аталган өлкөлөрдү жогорку саптардан артка карай сүрүп чыгып, эң башкы, бирден-бир жалгыз лидерликке ачыктан ачык далалат жасоодо. Бул айрыкча Пекинде өткөн жана андан кийинки Рио олимпиадаларынан ачык көрүндү. Кытай Эл Республикасынын дүйнөдөгү экинчи экономикага айланып, азыр биринчиликке озуп чыгууга умтулуп жатканы да дал ушул учурга туш келип жаткандыгы да кокустук эмес! Арийне, байыркы медицинасы аябай күчтүү өнүккөн Кытайды допинг боюнча чырларга байлоо анчалык оңой эмес иш болсо керек. Айласыздан гана анын үстөмдүгүнө чыдап, спорттук держава деген даңкты эптеп бөлүштүрүүгө барып (биротоло ага тарттырып жибербес үчүн), кийинки бут тосууларга ыкма изделүүдө…

Олимпиада ар бир спортсмендин өмүрүндө бир гана жолу болчу чоң бакыт!.. Арийне, ага жетүүнү самап, эбегейсиз эмгек менен, нечендеген тер төгүп жүрүп, араң жетип, жеткен менен да, анда эч кандай ийгиликке жетпей, кайра бүткүл кыялдары кыйроого учурап, жашоодогу эңсеген максаты, үмүт-оту өчүп, аны менен кошо — ​жашоого болгон көз карашы, мамилеси да кескин өзгөрүп, андан аркы жашоосу бир ыргакта, жеке адам катары кыйла эле ооматтуу уланса да, спортсмен катары бактысыз болуп, өмүр бою ошонусун эстеп, унута албай, өтүп кеткен спортсмендер да толтура!.. Балким, “эң башкысы — ​жеңиш эмес, — ​катышуу” деген байыркы гректерден калган учкул сөз, дал ошондой адамдарга жубатуу иретинде айтылып, ошол бойдон турмушта бекем орун алып калса керек.

Кыргызстан бул ирет төрт жылда бир жолу келе турган кышкы Олимпиадага эки спортсмени менен катышууда. Экөө тең лыжа спортуна байланыштуу — ​Евгений Тимофеев жана Тариел Жаркымбаев. — ​болгон айырмасы, биринчиси слалом боюнча болсо, экинчиси — ​классикалык лыжадан… Аларга ийгилик каалоо менен бирге, Кыргызстандык күйөрмандардын атынан айтып коё турган бир өкүттүү чындык бар.

Тээ эгемендик доорунан бери эле (мурдагыдай он беш республиканын ичинен тандап алуу сыяктуу татаал машакаттуу барьерлердин жоюлгандыгына карабастан!), чейрек кылымдан ашуун убакыттан берки квалификациялык электен өтүп, кышкы жана жайкы Олимпиадаларда катышуу укугун жеңип алышкан спортсмендерибиздин саны өтө чектелүү бойдон калып келе жатат. А катышкан соң — ​ал дүйнөлүк спорт майрамында Кыргыз өлкөсүнүн желегин бийик желбиретип, жалпы Кыргызстандыктарды сыймык аралаш кубанычка батыргандары дээрлик жокко эсе!.. Аларды бир колдун манжасы менен санасак да толбос…

Дегеле, 1980-жылкы Москвада өткөн жайкы Олимпиада кыргыз спортсмендеринин эң эле бийик жетишкендиги бойдон калууда. Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев экөө алтын медаль алышса, женил атлетчи Татьяна Колпакова узак аралыкка секирүү боюнча олимпиадалык рекорд койгон. Александр Блинов алтын медалды командалык жеңиште алса, күмүш медалга жеке зачету боюнча жеткен. Жеңил атлетчи Николай Чернецкий 400 м эстафетага чуркоодо олимпиада чемпиону болсо, советтик марафончулар арасында олимпиадалык коло медалын “кыргыз жөө күлүгү” атыккан Сатымкул Жуманазаров алган.

Алардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Спорттогу эмгеги мамлекет адегенде жакшы баалагандыгы менен, кийинки атактуу спортчулардын союз кыйрагандан тагдырлары да кошо кыйрагандай болгон… Жалгыз гана Каныбек Осмоналиев спортко активдүү аралашып, коомдук иштерде да көрүнүп, айтор, кыргыз спортуна салым кошуусун улантып келе жатат… Көптөгөн атактуу спортчулар спорттук карьерасы аяктаган соң, турмуштан өздөрүнүн татыктуу ордуларын таба алышпай, ошондон улам, ал тургай криминалга да аралашып, кирип кеткенин деле көрүп-билип жүрөбүз. Маселен, мындан беш-он жыл илгери Кыргыз боксун дүйнө аренасына жеткирген Андрей Курнявка ири өлчөмдөгү наркотикалык затты термостордун ичине салып алып, сата албай жүргөн жеринен Германияда кармалып, андан кийинчерээк — ​Бишкектин “Асанбайында” криминалдык кол салууга тушуккан… СССРдин эки жолку чемпиону болуп, кыргыз боксунун чоң тобун баштап келген алгачкы чабалекей сыяктуу сезилген Нурлан Абдыкалыковдун трагедиялуу тагдыры — ​кыргыз спортунун азыркы абалынын күзгүсү сымал да сезилип кетет. Бул өңүттөн алып караганда, жалпы спортко, жана спорттон кеткен соң да, — ​спортко салым кошкондорго кам көрүү боюнча мамлекеттик саясатта кетирилип жаткан олуттуу кемчилдиктер бар экендиги талашсыз. Жөн эле: “биз азыр башкабыз, биз эми мурункудай эмеспиз, эч кимге тизебизди бүкпөйбүз!” — ​деп курулай бакылдай бергенден эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Дал ушундай эл аралык спорттук беттешүүлөрдө өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү демонстрациялоого тийишпиз. Ансыз, “үйдө баатыр — ​жоодо жок!” деген таамай учкул сөз такай эске келе берет!

Өткөн Рио олимпиадасынын жыйынтыктарына эле учкай көз жүгүртөлүчү: Казакстан — ​17 медаль — ​3 алтын, 5 күмүш 9 коло — ​22-орун. Өзбекистан — ​13 медаль — ​4 алтын, 2 күмүш, 7 коло, — 23-орун. Жарандык согуштан чыгып, азыр стабилдүү өнүгө баштаган Тажикистан — ​1 алтын медаль алып келсе, жогорудагыдай ооз көптүрө мактанган Кыргызстан араң дегенде бир коло медалына ээ болуп, аны да допингге байланыштуу кайра тарттырып жиберди!.. Жакында Ашхабадда жеңип келишкен кыргыз спортчуларын кабыл алып, алардын ийгилигине ашыра пафос берген премьер-министр Сапар Исаков спорттогу чыныгы жагдайды, анын маселелерин жакшы түшүнгөн адамдарды таң калтырып, “Сыягы, премьер-министрге “чоң ийгилик” сыяктанган бир иш чара өткөрүү зарыл болсо керек, же ал спорт маселелерин жана анын эл аралык масштабдарын анча жакшы түшүнө бербейт го?!” — ​деген түкшүмөлдөө сыяктуу эки анжы ойго салып койгондой болду.

Союз маалында “профсоюздардын, ички иштер органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн биринчилиги” ж. б. ар кандай коомдордун ички мелдештери болуп, аларда жеңүүчү болуп, андан кийинки этаптардагы электен өткөндөр гана СССРдин өлкө чемпионатына катышууга укук алыша турган. Демек, Азия биринчилиги жана Ашхабад мелдештери жана башка үчүнчү-төртүнчү категориядагы мелдештердеги утуштар кадыресе көрүнүш катары гана кабылдап, мыкты спортчуларыбызга эл аралык, дүйнөлүк масштабдагы престиждүү, ири мелдештердеги ийгилик үчүн шарт түзүп, дал ошондой бийик талаптарды коюу зарыл. Ансыз биздин спортто өсүш да болбойт.

Алибек ЖУМАБАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *