Кыргыз тилиндеги китептер көзү азиздер үчүн Брайль арибинде басылып чыкты

“Азиз жана начар көргөн балдар менен жаштар арасындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо” долбоорунун алкагында “Феномен” коомдук фондунун демилгеси менен КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор мамилелери боюнча мамлекеттик агенттиктин каржылык колдоосунун натыйжасында жарык көргөн китептердин бет ачары бүгүн 15-декабрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында болуп өттү. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Келкел” тарыхый романдары, М.Элебаевдин “Узак жол” романы баш болгон китептер азиздер жана көрүүсү начарлар үчүн Брайль арибинде басылып чыккан. Китептердин бет ачарына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев катышып, куттуктоо сөзү менен бирге мамлекеттик тилди ар тармакта өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан инсандарга сыйлык Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды. Ал эми “Феномен” коомдук фондунун төрагасы И.Султаналиев китептерди чыгарууга көмөк көрсөтүп, тыгыз кызматташтыкта иш алып барып жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, аталган фонддун “Ардак грамотасын” Улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеевге жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ишеналиевага тапшырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *