Кыргыз тилинин “душманы” Сауле Мейрманова качан иштен алынат?

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрмановага карата көптөн бери нааразы болгондор арбын. Бул айым кыргыз тилин билбейт. Билейин деген да ниети жок. Же кыргыз болбосо эле кыргыз тилине душмандык кыла береби? Учурда Бишкек шаарында кыргыз тилиндеги мектеп, бала бакча саналуу. Бул да болсо дал ушул Саулеге окшогон кадрлар кыргыз тилине кайдигер мамиле жасап, тескери саясат жүргүзүп жатканынын кесепети болууда. Мейрманованы иштен алуу маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Бирок экс-мэр Албек Ибраимов кулак сыртынан кетирип койгон. Эми жаңы мэр Азис Суракматов чара көрөбү дейин десек, өзү кыргыз тилин билбеген, жеригендердин көч башында туруп жатат. Деги мамлекеттик тилге күйгөндөр качан жетекчи болуп, абады оңдойт?…

Булак: “Фабула”

3 comments

  • Кыргыз Мамлекети Кыргыз тил маселесин ,качан Тажик президент индей ” Кыргыз тилин билбегендер эч кандай бийлик органдарына ( парламенте дагын)шайланбайт Жана коюлбайт” Деген мыйзам чыгарыш керек , андай мыйзамды биздикилер

    чыгара албайт.Жарыялар ,ишканалардын аттары да жалан Кыргыз тилинде болушат керек Деген мыйзам чынаруу керек.

  • Руслан says:

    Оой мунун крышасы күчтүү Абдула Аблабеков деген казак. Темир жолдун тендерин тескеген Абдулла шоопур илмияновдун кошелогу.

  • Адилет says:

    Манкурт кыргыздар. Эн негизги жерге кыргыздарды койсонор боло. Деги бизди акырындап жок кылуучу доктринасыбы бул башкалардын? Бишкектеги 100 мектептин алтысы кыргызча деп уктум. Бирок чын тогунун билбейм. Ошондой болсо озубузго озубуз душман экенбиз.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *