Россиялык Regnum басылмасы “Кыргыздар президентине Путиндин учак белекке берүүсүн сурашты” деп жазып чыкты

Россиянын Regnum.ru  маалымат агенттиги “Кыргыздар президентине Путиндин учак белекке берүүсүн каалашты” деген макала жарыялашты.

Макалада “Азыркы президенттик бортту 10 жыл мурун Путин белекке берген. Дагы бир жолу учак белек кылат деп үмүттөнсөк жакшы болмок, бирок бул биздин компетенцияда эмес”- деп белгиледи аткаминер”, – деп жазылган.

Россиянын басылмаларынын мындай жазуусунда жүйөө бар, анткени,  депутат Таабалды Тиллаев  башка өлкөлөрдөн белек катары сурап болсо да президенттик бортту жаңылаш керек экендигин жана президенттин учагынан уяларын парламентте билдирген.

Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Табалды Тиллаев 18-октябрда “Президентти ташыган учакты башкалардан белек катары сурап болсо да жаңылап бериш керек”,- деп  парламенттин жыйынында айткан.

Ошондой эле “Жаңы авиалайнер алууга Кыргызстандын күчү жетпейт, анткени анын баасы 6,57 млрд. сомду түзөт. Ал эми Кыргызстандын бюджетинде анча акча жок”- деп жазган Россиянын маалымат агенттиги.

Макаланы окуган кыргызстандыктар депутаттын айтканы үчүн башка өлкөлөрдөн уяларын айтышкан.

Ал эми россиялык окурмандар “Эмнеге биздин өлкө бериш керек, дагы эмне керек экен кыргыздарга?”,- деп комментарий калтырып ачуулангандары бар.

 

1 ой-пикир

  • Sulayman KAYIPOV says:

    Оозду обу жок чоё бербеш керек да. Дүйнөгө шерменде кылып бүтө турган болду кыргызды бул кенкелес Парламент. Бири туруп, муфтинин айтканын кыла берсек оңобуз дейт… Кошуналар өлкөгө визасыз кире берсин деп бири айтат… Президентибизге учак сурайлы деп бири дөөдүрөйт… Бирөө бирөөнү ашатып сөгүп жатат аял башы менен… Бир канчасы уурулук кылып коюп качып кетип жатат… Күнөөлуу, күнөөсүз түрмөгө түшкөнү канча… Бир-эки тың мырзалар, айымдар бар, алар кечирсин, бул өзү Парламентпи, же кыргыздын абийирин төгүш үчүн атайын жыйналган маңкурттар тобубу? Сенин бюджетиңдин канай экенин ким сурап жатат, аны бүт дүйнөгө жайганга ким уркксат берди? Күйөсүң да, күйөсүң.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *