“Кыргызнефтегазда” кайрадан нааразычылык башталууда

 

Азыр коомчулукта “Кыргызнефтегаздын” жетекчилигинине “Республика – Ата Журт” партиясынан ЖКда депутат болуп отурган Нургазы Нышанов келгени жатат” деген кеп желдей тарады. Жадагалса коллективдин алдына барып, “колдоп бергиле” дегендей амалдарын кылып атканы каңкууланып. Нургазы кадимки эле Нурлан Нышановдун баласы. “Бу ким эле?” дешиңер толук мүмкүн. Нышанов Нурлан 2005-жылы Жалал-Абаддагы Кыргыз Улуттук банктын филиалынан 22 миллион сомду Жаныш Бакиев менен уурдаган башкы айыпталуучу адам го? Нургазы Нышановдун ал жерге баруусуна партия лидери да кызыкдарбы эми? Анткени, Нышанов ал жакка кетсе, Текебаевдин №1 душманы Зарыл Рысалиев кезек менен келет. Саясат кайда баратканын билип атасыңар да? Бул саясый жүрүштөргө бийлик да кол сунушу ыктымал. Себеби, Зарыл мырза парламентке келсе, бийликтин негизги душманы Текебаевди “тээп” салганга ат көтөргүс салым кошо турган фигура болуп атпайбы. Андан ары да чечмелей кетели, Нургазы Нышанов азыр аябай бай жигит экенин билген адамдар айтышууда. Бирок, 2005-жылга чейин нышановдордун анча бай болбогонун билген адамдар саймедирешүүдө. Саясатта соодалашуу амалы жүрүп жаткандай өңдүү. Зарылды парламентке алып келүү, ал эми Нургазы болсо взамен “мага “Кыргызнефтегазды” бергиле” деген сыяктуу. “Кыргызнефтегаз” коллективи Нургазынын башчылыкка келүүсүн каалабай, протест кылып атышат экен. Сыягы, бул боюнча чыр дагы уланат окшойт…

Бекбол Айдаров

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

7 comments

  • ак суроо says:

    Кыргызнефтегаздын азыркы жетекчилери Жумашев Масиров Райымкулов Султанов мына ушуларды камаш керек булар ушунчалык уурулук жасашып жетекчилик алмашса абийрибиз ачылып калат деп коркушууда урматтуу Атамбаев озунуз айткансыз коллектив менен жолукканда вор должен сидеть в тьюрме деп эми созунузду далилдебейсизби?

  • эл уну says:

    Нынешнее руководство кыргызнефтегаза господин ничего не решающий ни за что неотвечающий многообещающий очень уважающий каждого спортивно-мускулистого человека Жумашев Ж оооооочень устраивает своих окружающих потому что ни о чем не спрашивает не ставит ни какие требование поэтому его окружение до уши в коррупции особенно Султанов Б именно он организовывает втихаря эти митинги сам стоит в стороне

  • Акаевди кетирип революция болгондо Султановду аялы Айнураны “Экинчи майрам акаева жоголсун деп Кыргызнефтиден кууп чыгышкан эле бироолорду жумушка орноштуруп ордуна килем сойко акча жана башка нерселерди алгандыктан адамда бет жок болсо кыйын экен да башка адам болгондо олбосо да кочуп кетмек эл аны унутпайт

  • Азыркы премер-министрге рахмат бар экенго онор-жайды тушунгон адам Кыргызнефтегаз банкротко учурап корупцияга мурдуна чейин малынып калган азыр булар дем алганда да мурдуларына аба эмес акча кирип калган элди ойлоо каяктан буларда он онбештей акчага суйлогондору бар теле же сми чакырса ошолор даяр калган эл булардан тажап бутту

  • аит says:

    кыргызнетегаздын жетекчилерин Жумашев масиров райымкулов султанов мына ушуларды камаш керек

  • Эч кимдин алдында эч качан жана эч нерсеге жооп бербеген,коп суйлоп коп мактанып коп убадаларды берип-бирок аткарбаган,иш боюнча бироолорго эмес озуно талап коеалбаган,бироолор уруп койбосун же согуп койбосун же айрым бир жетекчилер тилимди албай койбосун – деген коркунучта президенттин айланасындагылар менен жакшымын деп мактангандан эч кимди алдыга чыгарбаган,ким болсо да спорт кийимчен болсо-бул спортсмен экен деп жата калып сыйлаган,айланасы уурулук жасаса жазалагандан корккон ушундай элде жок сапаттардын ээси Кыргызнефтегаздын жетекчиси Жумашев Жениш бир-эки адамга эле керек коллектив бул адамдан бул ишке коюбай туруп эле жадаган болчу!

  • Коллективди кучко салып,суука карабастан алып келип(Султанов Бекиштин акылы менен) телевидениени,журналисттерди,дежурныйларды чакырып,эл бизди колдоп жатат деп жалгандан жар салгандан уялбайсынарбы,атанын баласы болбойсунарбы,ошончо элди зордоп алып келгенден сон же айтар созунор болсочу же мактана турган ишинер болсочу уурулуктан башка эмненер бар уурулука да тойбодунар неберенерге жете турган байлык топтоп алдынар силер алда качан элдин душманына айланып бутконсунор жумуштан кеткиле Султанов баш болуп анан билесинер

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *