Кыргызстан Казахстандан ачык вагондорду сатып алды

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы сатып алган ачык вагондор учурда түштүк бөлүмүндө каттоодон өтүп жатат, – деп маалымдады мекеменин басма соз кызматы.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы сатып алган ачык вагондордун алгачкы партиясы Казахстандан Жалал-Абад станциясына келип түштү. Аны түштүк бөлүмүн адистери катар номерлерине ылайык кабыл алып, ишкананын эсебине каттоодон өткөрүп жатышат.

Түштүк бөлүмүн башчысы Бахтияр Юнусовдун айтымында, 7-январьга чейин каттоо иштери аяктайт. Андан соң ачык вагондор таш көмүр ташуу үчүн ишкерлерге бериле баштайт.

Эске салсак, 2017-жылдын 14-мартында  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 12-132 моделиндеги 150 даана ачык вагондорун сатып алуу боюнча конкурс жарыялаган. Анын жыйынтыгы менен Казахстандын «ЗИКСТО» АКу жеңүүчү деп табылган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *