Кыргызстан күйүүчү май эң арзан болуп саналган мамлекеттердин катарына кирди

Globalpetrolprices  порталы түзгөн рейтингде  Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча эң арзан күйүүчү май сатылуучу  өлкөлөрдүн катарына кирди.  Бул тизмеде Кыргызстан 164  мамлекеттин ичинен 22-орунду ээледи.  Өлкөдө күйүүчү майга болгон орточо баа 67 центти түзөт,  дүйнө  жүзүндө болсо бул көрсөткүч 1,17 долларга жетет.

Ал эми эң арзан күйүүчү май Венесуэлада деп табылды, литрине болгону 1 цент. Алдынкы үч орунду Иран (29 цент) жана Судан (34 цент) камтыйт.  Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орундарды Казахстан(11-орун)  менен Өзбекстан(12-орун)  ээлейт. (48 жана 52 цент).

Эн кымбат күйүүчү май  Грецияда, 1 литри  2,21 долларды түзөт.

Бишкектин эң чоң АЗСтеринин официалдык сайттарынан алынган маалыматтарга  караганда, бүгүнкү күндө  Аи-92 үлгүсүндөгү күйүүчү май  орточо эсеп менен 43,3 сомду,  дизель  майы 45,2,  ал эми куйуучу газ 26,25 сомду түзөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *