Кыргызстан Кытай менен визасыз режимге өтүшү керекпи?

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү туризм тармагынан түзүлгөн ички дүң продукциянын 30 пайызын дал ушул Кытай туристтери берээрин, Кыргызстан туризм боюнча потенциалы көп болгону менен анын 10 пайызын да колдоно албай жатканын айтып чыкты.

Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты

– Кытайдын туристтери өлкөгө виза менен кирип-чыкса, баары мыйзам чегинде болсо коркунуч жок. Бизге Кытайдан виза ачылбай, бул жакка инвесторлор келбей, кыргыз-кытай соода алакасы дагы кечеңдеп баратат. Буга чейин кыргыз жарандары Кытайга шарты менен барып иштешчү. Азыр Кытай визаны кошуп койгон. Кытай жаранынын кыргыз мамлекетине келип мыйзамсыз жашап алганын, биздин жаран болуп алганын колдобойм. Виза менен кирип, кайра чыгып, бизге акчасын калтырганын колдойм.

Исхак Пирматов, ЖКнын депутаты

– Бул демилгеге каршымын. Бул менин жеке жарандык позициям. Ансыз деле кытайлар жок бир да тармагыбыз калган жок. Эми алардын туристтери өлкөнү каптап кетсе болбойт да. Кытайдан азыр бизге кыйраткан деле турист келбейт. Алар Европада, АКШда жүрүшөт. Бизде кытайлык туристтерди кызыктырган нерсе жок. Тескерисинче, учурда биздин жарандарга Кытай виза бербей жатат. Бул Тышкы иштер министрлигинин кемчилиги деп ойлойм. Теракт болгондон кийин эле аталган министрлик так позициясын билдирип, Кытай тарап менен сүйлөшүүгө барышы керек болчу. Азыр да дипломатиялык мамиле кура албай жатышат. Айдоочулар, ишкерлер Кытайга кире албай кыйналып, бизге кайрылышууда. Кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизүү таптакыр өлкө кызыкчылыгына туура келбейт. Өзүбүздүн жарандарга жумуш жок болуп жатканда кара жумушчу орундарын кытайлар каптап кетүүдө.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

– Виза маселесине, айрыкча чет элдик жарандардын келип-кетишине биздей кичине өлкөлөр өтө дыкат, жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл, утурумдук акчага кызыгып ойногон туура эмес. Айрыкча бул жакта базарларда жүргөн кытайлык жарандарга карата визалык тартипти жөнгө салбаса болбойт. Эл ичинде ар кандай кептер айтылып жатпайбы, айрыкча “Мадина” жана “Дордой” базарларында жашынып иштеп жүргөндөр боюнча. Виза тартибинин катуу болуусу туризмди өнүктүрүүгө эч кандай жолтоо болбойт.

Алга Кылычов, «Дан» мамлекеттик ишканасынын башкы директору

– Албетте мамлекет өз кызыкчылыгында туризм, инвестиция тартуу механизмин жакшыртышы керек. Бирок ошону менен катар мамлекетке кандай пайда алып келет жети өлчөп, бир кесиш керек. Жеке менин оюмда, депутат айымдын айтканы терең ойлонулбай, бир күндүк негизде айтылган сөз болуп калды көрүнөт. Айтайын дегеним, башка мамлекеттерде Кытай өлкөсү сыяктуу чоң державалар менен туризмден көрө, конкуренттүү түрдө чоң инвестиция тартып келген аракеттерди кылышат. Мисалы бизге инвестиция тартып келип жатабыз деген кытай мамлекети тарабынан чийки бойдон калууда. Туризм жана конокко келдик шылтоосу менен келген жарандардын бизге келген продукциялары сапаты өтө төмөн экени эч кимге деле жашыруун эмес. Мындайча айтканда, инвестиция тартып келүү шылтоосу менен Кытайда жумуш таба албаган жарандары бизге келип эптеп эле жандарын багуу же акча жасоо максатында башка мамлекеттер тыюу салган продукцияларын өндүрүп же ташуу кызыкчылыгы менен жүргөндөй элес калтырат. Айтайын дегеним, чыныгы чоң ишкерлер биздин мамлекетке келип, дүйнөлүк бренддеги товар өндүрүүсү аз. Кытайдын көп сандагы майда чабактарына караганда, аз сандагы чоң акула бизнесмендери иш кылганы биз үчүн пайдалуу деп ойлойм. Азыркы тапта биздин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытайбы же башка мамлекетгердин жарандарын көзөмөлдөө учур талабы.

Искендер Шаршеев, эксперт:

– Кытайды Россия эң жакынкы стратегиялык өнөктөшү катары карайт. Ошондой эле Кытай биздин да өнөктөшүбүз. Каалайбызбы-каалабайбызбы биздин кошуна аны менен карым-катнашты жөнгө салып алышыбыз керек. Мисалы алардын бай адамдарына, туристтерине визага уруксат берип, толук көзөмөлдөп, топ менен киргизип-чыгарсак туура болот. Ал эми жумушчуларына визалык режим сакталышы керек. Себеби “басып алат” деген коркунуч бар. Буга канчалык негиз бар экенин айтуу кыйын. Бирок бул саясатты акылдуулук менен карап чыгуу керек.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *