Кыргызстан Кытайга 17 миң эшек экспорттоду

Атаңдын көрү, эшектин корголу да алтын болуп кеткенин биз эле байкоого албай жатабыз. Анткени өмүрү эшекти баалаган эмеспиз. Дайыма уйдан калган жүгөрүнүн катуусун, жылкыдан калган кашекти жеп жанбагып келатат шордуу эшек. Элеттиктер болсо суу, отун ташып эшекти унаа катары пайдаланышат. Жамгыр жаайбы, бороон болобу, күн ысып кетсе деле баягы эшек ачык жерде, сыртта калат кулагын шалпайтып. Кийинки учурда аны тебелеп, кордоп жатабыз жалпайтып.

Баарынан да терисине кызыккан жаш балдар эшекти айылдын четине алып барып эле сойуп, сыйрып таштап кетип жатышканы көңүлүңдү иренжитет. Териге алган тыйынына бопорос чегип, кызылдан ичип жыргашат экен, шум балдар. Акыркы учурда Кара-Сууда, Жалал-Абаддын чет жакасында эшек фермалар уюшулуп, эшектерди бордоп калышканы куйкаңды куруштурат. Көрсө акча үчүн эшектин тезегинен деле “тамак” бышырчулар шымаланып чыгат тура. Айыл чарба министрлиги тараптан токулган маалыматка көз чаптырсак Ала-Тоодон 17 миң эшек кытайга “экспорт” болуптур. Минтип жүрүп отурсак “тормуздун майы” тамчылап ага бергендей элес калып калбас бекен? Эшектин түбүнө жетсек келечекте кайра өзүбүз кыпкызыл алтынга сатып алууга муктаждык жаралбайт деп ким кепилдик берет? Айтор, ойлонтчу маселени өзүбүз эле жаратып алчудайбыз. Кеч боло электе коңгуроо кагып, “асыл” эшекти кор кылбай бапестеп асыроого өтөлү. Миллиардды эбак чапчыган кытайлардын оозуна эшекти салып бергенден жакшы болуп кетпейбиз…

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *