Кыргызстан менен Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамдарды ачуу маселесин талкуулашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын авиация бийлиги “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Өлкөнүн Транспорт министрлигинин кабарлашынча, бул боюнча Ташкентте эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.

Тараптар мындан тышкары Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учуу жана Өзбекстанда кыргыз авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүн каттоо маселесин карашты.

4-июлда ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аба майданына келип конгон.

Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Бул рейстер жайкы туристтик сезон маалында – август айынын аягына чейин ар шейшембиде аткарылып турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *