Кыргызстанда 400 миң адам ачкалыктан кыйналат

Кыргызстанда 400 миң киши же жалпы калктын 6,4 пайызы курсагы тоё тамак ичпей, ачкачылыктан жабыркайт. Мындай маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын эксперттери тарабынан түзүлгөн «Европа жана Борбор Азияда 2017-жылы азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы жобо» аттуу докладында айтылат.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Тажикстанда абал өтө оор, тагыраагы, 2,6 миллион киши (калктын 30 пайызы) курсагы тоё тамак ичпейт. Өзбекстанда дээрлик 2 миллион киши ырастап тамак жебейт. Түркмөнстанда 300 миңге жакын киши чала тоют болуп жүрөт. Эң жакшы абал Казакстанда. Бул мамлекетге жашаган калктын 2,5 пайызы гана башкача айтканда 450 миң киши дайыма курсагы ток жүрбөйт.

 

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *