Кыргызстанда 7264 адам СПИД борборунда каттоодо турат

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкекте ВИЧ жана кургак учук боюнча улуттук конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Бактыгүл Шүкүрова бул инфекцияны жети жыл мурда жуктуруп алганын, алты жылдан бери дары ичерин ачык айтып, ВИЧ жуктурган жарандарды басмырлоо уланып жатканын кошумчалады. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын СПИД борборунда каттоодо 7264 адам турат, алардын 600гө жакыны балдар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧтин алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жардамды 2020-жылга чейин улантууга макул болушканын СПИД борборунан билдиришти. Алдын алуу жана дарылоого жылына 3,7 миллион доллардан берилмекчи. Мындан он жылдай мурун жылына 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *