Жолборс Жоробеков, саясат таанучу: Кыргызстанда элита барбы?

Элита жөнүндө сөз кылганда ал өзү эмне деген феномен, биз аны кандай түшүнөбүз, биз аны кандай кабыл алабыз, эң алгач ушуну чечип алышыбыз керек. Бул терминдин тегерегиндеги ар түрдүү чечмелөөлөр, мыкчегер окумуштуулардын аныктамалары, политологиянын жол-жобосу менен түшүндүрүп отурбай эле ток этери: элита дегенде мамлекеттик кайсы бир кызматта турган, мамлекеттеги тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алганга таасир тийгизген, өзүнүн айткан-дегендери менен коомдук пикир түзө алган, эл арасында жана саясатта өз орду бар интеллигенциянын чоң тобун айтабыз. Эгерде элитаны ушул жагдайдан алганда, ал бизде бар да.

СССР тарап, эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстанда да токсонунчу жылдардан баштап соодага шыгы бар «ишкер», шылуун жигиттер ошол кездеги элита деп эсептелген облустун, райондун, шаардын жетекчилеринин «тилин таап», өздөрүнүн «бизнестерин» жүргүзүшкөн. Мисалы, 1993-жылдары Атамбаев да Ош облусунун губернатору А.Эркебаевдин кабинетинде эле отурчу «арак, тамеки, пахта алып берчи» деп. Аягында жылдардан жылдар өтүп, ошол бизнестеги «ишкер» жигиттер Атамбаевдин президент болушу менен район, облус, шаар эле эмес, Акүй, Көкүйгө да агылып келишти. Бийликтин эң жогорку креслосуна жеткенче бир топ тепкичтен өтүш керек деген болбой, бүгүн базарда отурган жигит район, облусту башкарып, министр, же министрдин орун басары, же болбосо республикалык парламентке депутат болуп келди, Жыйынтыгында, бийликтин баркы кетти.

Жаңы бийлик келди. Президенттин укуктары бир топ кыскарса да эски адат менен кандай маселе болбосун элдин президентке кайрылуулары дале аздай элек. Ошол эле кезде эгер калыптанган, сөздүн толук маанисинде элита болгондо алар Атамбаевдин мезгилиндегидей эле турмуштун уланышын каалашар эле. Анткени, ал мезгилде ар түрдүү эсептөөлөр боюнча 2-4 миллиард доллар жылына башка жакка кетип турган. Бирок, эң кызыгы, ошол бизнес менен аралашкан бюрократия да жана Атамбаевдин амири менен депутат болуп келгендери да өз жанын сактап калыш үчүн Атамбаевди таш-талкан кылып сатып кетишти.

Демек, бизде элита жок. Атамбаевден калган алешем бийликтин убагында секретарша, шопур, базарчы, шектүү молдокелер менен улуттук элитанын калыптанышы да мүмкүн эмес эле. Ал эми тереңирээк карасак, бизде союздун убагында башкаруу элитасы түзүлүп, калыптанган болчу. Бирок, алардын көпчүлүгү рынок шартында пландуу экономикадан башканы түшүнө албай өтүп кетти. Бирок, бардыгы эмес. Арасында бүгүнкү күндүн категориясы менен ой жүгүрткөндөрү да бар. Ошентсе да кыргыз аткаминерлеринин атам замандан бери келаткан жер карама психологиясы бүгүнкү күндөгү президенттин короосундагыларга, же жакындарына бийликтин бардык бутактарына биротоло калыптанып калган. Ошондуктан, алар эртең кийинки президентти да ушундай эле акыбалга таштап кетишет. Алар үчүн өзүнүн бизнеси бардыгынан өйдө турат. Башка нерсе – президент алардын бардыгын (Путиндей болуп) саясаттан кетирип, алар нормалдуу иштешин, иш орундарды түзүшүн камсыз кылып, өз бизнестери үчүн, эртеңки күнү үчүн чочубай тургандай шарт түзүп, ошого кепилдик бериши керек. Ошондо алар жутунуп депутаттыкка, аким, мэр, губернатор, министрликке барбайт. Бул эми бир чара. Экинчиси, ошол аталган кызматтарда иштейм дегендер мамлелекттик кадр кызматы тарабынан тестирлөөдөн өтүп, тестирлөөнү жана экзаменди көз карандысыз, коомчулук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн чоң тобу жүргүзүшү керек. Депутаттыктан баштап бардык мамлекеттик чоң-кичине кызматчылардын бардыгы тест менен экзаменден өтүп, кадрлардын улуттук резерви түзүлүшү зарыл.

Бүгүнкү күндө мамлекетте коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жаткан заман. Элде азыр С.Ш.Жээнбековго болгон ишеним кредити бар. Бирок, бул түбөлүк эмес. Президентке каршы топ азыр анын ар бир кыймылын микроскоп менен карап, жылдын аягында, же жаздын алдында М.Конгантиевдин акталышын, же Р.Матраимовдун сот тарабынан ишине кайра келишин баш кылып, ондогон «фактыларды» элге чыгарат. Буга карата президенттин жооптору болсо керек, бирок, ошого эл ишенеби, же каршы топтун «фактыларына» ишенеби, бул башка маселе.

Коррупцияга каршы күрөштө бир катар «азаматтар» камакка алынды, эми алардын ак-карасын сот аныктаар. Бирок, биздин милдет ошол коррупциялык схеманы, ошол системаны кантип жок кылабыз – негизги маселе ошондо турат. Албетте, бул боюнча даяр рецепт жок. Ар бир мамлекет өз тарыхый менталитетине жараша ар түрдүү жолдор менен коррупцияны ооздуктап келишет. Биздин президенттин аткошчулары менен сөз кошчулары бул жаатта да өз ойлорун, «стратегиялык пландарын» түзүп жатышкандыр.

Биздин оюбузча, кыргыздын уучу кур эместир. Азыркы 60-70 жаштын айланасында илим десең илими, тажрыйба десең тажрыйбасы, аброй десе эл-журтка аброю бар адамдардан таап, прокуратурага, сотко, бажыга, салыкка, эсепке жетекчиликке алып келип, аларга орун басарлыкка азыркы заманбап билими бар, бир нече тилди билген, чет элден окуп келген айтитехнология менен нанотехнологиянын түшүн жоруган жаштардан күргүшгөтүп тартуу зарыл. Өнүккөн мамлекеттерде деле сөздүн жакшы маанисинде консерваторлор менен либералдардын тең салмактуулугу сакталганда ал өз жемишин берет. Жогоруда биз айткан тармактарда таза иштеп, пенсияга кеткендерден кантип эле беш-алты таза, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн атасынын айтканын да аткарбаган түз адамдар табылбасын? Алар деле «өлөрүмдө элим үчүн таза иштеп, жаштарды өстүрүп кетейин» деп ойлойт болуш керек. Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш буларды дайындап жатканда «мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эч кимди укпайсың, мыйзам менен гана иштейсиң» деп катуу талап коюшу керек. Анан коомдук пикирди эске алса, өз жемишин берет. Биз ошентип, жаңы, коррупцияга малынбаган элитаны түзө баштайбыз. Болбосо азыркы жаштарда да коррупциялашкан «агаларын», «аталарын» көрүп, «мунсуз болбойт турбайбы, тааныш, же акча гана бардык маселени чечет турайбы» деген психология эбак эле калыптынып калган. Максат – эми ошону токтотуу.

Президенттик мөөнөт да тез эле аяктайт. Ушул мезгил ичинде жок эле дегенде колу-жону таза адамдардын тобун түзүп, эл-журтка эртеңки күнгө ишеним пайда болсо да бул чоң жетишкендик болор эле.

Жолборс Жоробеков, саясый илимдердин доктору

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *