Кыргызстанда эң көп маяна алган аткаминерлердин тизмеси

Мамлекеттик кызматта иштегендердин эң көп маяна алгандары Улуттук банктын жетекчилиги менен элчилер экен. Мындай жыйынтыкка 2016-жылкы киреше тууралуу декларацияны карап чыккандан кийин келүүгө болот. Эсепке негизги кызматтан көргөн киреше киргизилиптир. Төмөнкү тизмеде эки миллион сомдон кем эмес акча тапкандар бар. Анда аткаминердин аты-жөнү менен ошол убакта аркалаган кызматы көрсөтүлгөн.

2 миллиондон 3 миллионго чейин

Максат Тентимишов (Гуанчжоудагы башкы консул, Кытай) — 2 миллион 42 миң сом.

Зина Асанкожоева (КМШнын Экономика биримдигинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын өкүлү) — 2 миллион 86 миң сом.

Кубанычбек Өмүралиев (Белоруссиягы элчи) — 2 миллион 198 миң сом.

Чыңгыз Айдарбеков (Япониядагы элчи) — 2 миллион 224 миң сом.

Миргүл Молдоисаева (Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, Нью-Йорк шаары) — 2 миллион 313 миң сом.

Нурбек Жеңиш (Улуттук банктын төрагасынын орун басары) — 2 миллион 324 миң сом.

Айжигит Буранов (Азербайжандагы элчи) — 2 миллион 341 миң сом.

Болот Отунбаев (Россиядагы элчи) — 2 миллион 349миң сом.

Ибрагим Жунусов (Түркиядагы элчи) — 2 миллион 357 миң сом.

Самаргүл Адамкулова (Индиядагы элчи) — 2 миллион 418 миң сом.

Канайым Бактыгулова (Кытайдагы элчи) — 2 миллион 423 миң сом.

Абдилатиф Жумабаев (Сауд Аравиясы) — 2 миллион 508 миң сом.

Лада Орозбаева (Улуттук банктын төрагасынын орун басары) — 2 миллион 570 миң сом.

Толкунбек Абдыгулов (Улуттук банктын төрагасы) —2 миллион 818 миң сом.

Кадыр Токтогулов (АКШдагы элчи) — 2 миллион 819 миң сом.

Чыңгыз Эшимбеков (БАЭ) — 2 миллион 907 миң сом.

3 миллион сомдон жогору

Авазбек Абдуразаков (Ирандагы элчи) — 3 миллион 54 миң сом.

Аскар Бешимов (Түштүк Корея) — 3 миллион 64 миң сом.

Гүлнара Искакова (Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчи) — 3 миллион 193 миң сом.

Нуран Ниязалиев (Катардагы элчи) — 3 миллион 311 миң сом.

Эрнес Оторбаев (Германиядагы элчи) — 3 миллион 434 миң сом.

Асеин Исаев (Бельгиядагы элчи) — 3 миллион 592 миң сом.

Жусупбек Шарипов (Кувейттеги элчи) — 3 миллион 862 миң сом.

Булак: Sputnik.kg

6 comments

  • Это что зарплата за месяц или годовой? Если за месяц то это уже слишком,, ,‍♀️‍♀️‍♀️Кыргызстанда эн аз Айлык 2000-3000сом ,,,омурунун акырына чн тундоп кундоп иштесе да 1миллионго жетпейт а алардын 1Айлык маянасы, ,,

  • Асыкбек Оморов says:

    Мындай зарплатаны ким койгон, ким койсо да акмак экен го. Менин мындай зарплатам болсо Лунара айткандай уйго отурбай дуйнону кыдырып кыргыздын тарыхын чогултуп китеп жазат элем.

  • Асыкбек Оморов says:

    Мындай ким зарплатаны ким койгон акмакчылык го. Менин мындай зарплатам болсо Лунара айткандай, уйго отурбай дуйнону кыдырып кыргыздын тарыхын жазат элем

  • Асыкбек Оморов says:

    Булар кыргыздын ырысын соргон немелер экен да анда

  • Бектур says:

    Бул жылдык маяналар. Чындыгында жакыр Кыргызстан учун бул айлыктар ото чон суммалар. Кайран гана биздин толонгон салыктар, социалдык толомдор 🙁

  • Жумабек says:

    Айлыкты элдин есебинен алганга жараша,айлыгын актап ,иштеп элге,мекенге кызмат кылышы керек. Бир дипломат-посол мындай чон иш кылды,мынча млн.доллар инвестиция Кыргызтанга тартып,мынча иш ордун пайдаланып кылды ж.б.ушул сыяктуу иштерин уга да,коро да элекпиз. Эптеп жанын баккан байкушка окшоштор. Озулору деле уялбайт болуш керек,ичкен ашын акташ керек да.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *