“Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдер өлкөсү” фестивалы 12-декабрда ачылат

12-15-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында КМШ, Грузия жана Балтика мамлекеттеринин “Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдер өлкөсү” аталган VIII эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруу тобунун мүчөсү Нурлан Темирбек уулу билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан кинофестиваль быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналат. Ага КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын киночулары катышат.

“Фестивалдагы кароого бардык жанрдагы фильмдер кабыл алынды. Анын программасына даректүү, көркөм, кыска метраждуу фильмдер, ал тургай, анимациялык, эксперименталдык тасмалар да кирди. Ошондой эле, фестивалдын ачылышында Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча жаңы инсталляциялар болот” – деп маалымдады Н. Темирбек уулу.

Кинофестивалда фильмдер улуттук жана эл аралык болуп бөлүнгөн  эки түрдүү номинация боюнча каралат. Жалпы жонунан 500дон ашык кинотасма келип түшкөндүгүнө карабай, фестивалда көрсөтүү үчүн ар бир номинация боюнча 15тен фильм гана тандалып алынган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *