Кыргызстанда Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт  боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасын оптималдаштыруу максатында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 664 Токтомунун 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт  боюнча мамлекеттик агенттигинин  «Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча Дирекция» болуп өзгөртүлдү. Бул туралуу мекеменин пресс-кызматы билдирди.

Мамагенттикке караштуу Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясына,  дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме катары төмөнкү иш милдеттери жүктөлгөн: мектеп, жогорку жана атайын орто окуу-жайлардын окучууларынын арасында массалык спорт жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жана  дене тарбия жана спортту өнүктүрүү.

Дирекциянын негизги максаты мектеп жана студенттер арасында спортту өнүктүрүү, дени сак жашоого үгүттөө, жаш балдарды, студенттерди жана билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерди дене тарбия жана спорт менен такай машыгып турууга үндөө, массалык спорт жана ден соолукту чыңдоонун класстан тышкары түрлөрүн жакшыртуу.

Мындан тышкары Дирекция окуучулар жана  билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер арасында республикалык спорттук-массалык комплекстүү иш-чараларды, Спартакиада, Универсиада, Студенттик оюндарды, чемпионаттарды, биринчиликтерди жана  мелдештерди уюштуруп өткөрөт. Ошондой эле спорттун турлөрү боюнча курама командаларды түзүп, алардын республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуусун камсыздайт (Бүткүл дүйнөлүк универсиада,  студенттер арасындагы Дүйнө, Европа жана Азия  чемпионаты).

Дирекциянын штатында машыктыруучу-окутуучулар бар, алар окуу-машыгуу процессинде техникалык каражаттарын колдонуу менен машыгуу өткөрүүнүн методикасынын негизинде иш алып барышат, кайра-калыбына келтирүү иш чараларын өткөрүшөт.

Дирекцияда спорттун түрлөрү боюнча бөлүмдөр мектепке чейинки мекемелердин жогорку группаларынан, орто билим берүү  жана жогорку окуу жайлардын окучууларынан түзүлөт.

Машыктыруучулардын кеңеши бекитилген Калыптык жоболорго ылайык студенттик курама командалардын спортчуларына спорттук чеберчиликти жогорлотуу максатында окуу-машыгуу жыйындары уюштурулат(ОМЖ). Спорттун түрлөрү боюнча бөлүмдөрдө, окуу-машыгуу сабактары спорттун түрүнө ылайык, программанын жана окуу пландын негизинде  өткөрүлөт.

Окуу-машыгуу процессинин негизги формалары катары: топтук  окуу-машыгуу жана теориялык сабактар, медициналык калыбына келтирүү иш-чаралары, мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, спорт менен ден соолукту чыңдоо лагерлерин уюштуруу эсептелинет. Окуу сабактарынын узундугу окуу планы менен тартипке келтирилет жана окуу мезгилинен көз каранды.

Белгилей кетсек, бардык тарбиялануучулар Дирекциянын базасында машыгат, ал төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Бишкек шаары, Малдыбаева көчөсү №1.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *