Кыргызстанда Президенттик шайлоонун алдында криминалдык авторитеттер эркиндикке чыгарыла баштады

Кыргызстанда криминал жана бийлик – бул бир эле маанини туюндурган ажырагыс түшүнүк.  Алар бири-бирин өз ара толуктап, кыйын кезеңдерде бири-бирин колдоп турушат. 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоонун алдында да абакта олтурушкан криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү биринин артынан бири эркиндикке чыгарыла баштады. Бул жөн эле кокустукпу же мунун артында кимдир-бирөөлөрдүн арам ойлору турабы? Мына ушул суроолорго “Фергана” жооп табууга аракет кылды.

Абактан эркиндикке таза абийир менен

3-август күнү Ош облустук соту Дженго деген каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Кадырбек Досоновду актады. Ал милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди  өлтүргөн деп айыпталып абакта жаткан. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча Кадырбек Досонов  “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаевдин үзөңгүлөшү  жана Ош шаары менен Ош облусу боюнча “смотрящийи” болуп дайындалган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) ишендиргенине караганда Досонов эми үй камагында болот.  Анткени Ош облустук сотунун өндүрүшүндө ага каршы козголгон дагы бир – опузалоо менен акча талап кылуу айыбы иликтенип жатат.

Мындан 2 күн мурун, 1-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда “Алтуха” деген каймана аты бар дагы бир криминалдык  авторитет, Бишкек шаарынын “смотрящийи”  Алтынбек Ибраимовго каршы козголгон кылмыш иши каралып бүттү.  Соттун өкүмү менен “Алтуха” да акталды.

Ошол эле 2-август күнү Россиянын Ички иштер министрлиги Россиянын абагында 2015-жылдан бери жазасын өтөп жаткан, “Карышкыр” каймана аты бар криминалдык авторитет Мурсалым Өмүрзаковду түрмөдөн чыгарып, Кыргызстанга депортациялай тургандыгын билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Мурсалым Өмүрзаков  дагы бир “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин тобуна кирет. Азиз Батукаев 2013-жылы мамлекеттик бийликтин жардамы менен Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өзүнүн тарыхый мекени – Чеченстанга чыгып кеткен.

Криминалдык авторитеттерди 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине  керектүү добуштардын процентин камсыз кылуу үчүн  эркиндикке чыгарып жатышат деген версия чындыкка окшош.

“Жаагыңды айрыйм!”

Эгер президент Атамбаевдин жакынкы айланасында эле шектүү кишилер толуп жүрсө башкасына таң калуунун кереги барбы? Атамбаевдин эң ишенимдүү кишилери деп эсептелген, элге “Шофер” деген ат менен белгилүү, мурунку айдоочусу Икрамжан Илмиянов менен мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин аттарын укканда кыргызстандыктардын көбүн айтып бере алгыс калтыроо басып, үрөйү учат. Илмиянов менен Мамбеталиевдин ысымдары 2004-жылы милициянын полковниги Чыныбек Алиев табышмактуу өлтүрүлгөндөн кийин элге кеңири белгилүү болгон. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Кызматтык кылмыштар боюнча башкы башкармалыгынын начальниги, полковник Чыныбек Алиев таламандын так түшүндө Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофордун кызыл жарыгына токтоп турган жеринде атып өлтүрүлгөн. Алиевдин машинасына оң жагынан “сары номурлуу”  BMW машинасы жанаша токтоп, анын арткы орундугунда олтурган киллер милиционерди жакындан атып өлтүргөн.

Бул кылмыш боюнча эң башкы айыпкер катары ошол кездеги эң чоң криминалдык авторитет Рыспек Акматбаев аталган. Бирок ал өзү Алиевдин өлүмүнө тиешем жок деп танып келген. Аны менен катар бул иш боюнча укук коргоо органдары Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиевди да кармап, тергөөдөн кийин соттошкон. Анткени Чыныбек Алиевди атып өлтүргөн “сары номурлуу”  BMW машинасы Атамбаевдин “Форум” фирмасынын гаражынан табылган. Ал жерге ал машинаны Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиев менен айдоочусу Икрамжан Илмиянов жашырышканы белгилүү болуп, экөөсү тең кармалган. Бирок Мамбеталиев гана жалгыз соттолуп кеткен.

2005-жылдагы “Жоогазын революциясынан” кийин Атамбаевдин кийлигишүүсү менен Эркин Мамбеталиев абактан бошотулган жана Атамбаев ошол кездеги өлкө башчысы Бакиевге оппозицияга кеткинче эркиндикте жүргөн. 2008-жылы Эркин Мамбеталиев кайра кармалып, бир нече адам өлтүрүүлөр, анын ичинде парламенттин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү  боюнча айыпталып, соттүн өкүмү менен өмүр бою абакка олтурууга кесилген. 2010-жылы Бакиевдердин бийликтен кетиши менен Эркин Мамбеталиевдин иши кайрадан каралып, сот аны депутаттын өлүмү боюнча актап, калган өлтүрүүлөр боюнча жазасын 15 жылга кыскартып, аминистия колдонуп, төрт тарабың кыбыла деп эркиндикке чыгарып жиберген.

Азыр Атамбаев өзүнүн экс-жан сакчысынан алыстоого аракет кылып жатат. Жакында эле өткөн маалымат жыйынында Атамбаев ким анын үзөңгүлөштөрүнүн эски кылыктарын кайрадан эске сала турган болсо аябай жазалай тургандыгын эскертип коркутту.  Эркин Мамбеталиевдин жакында эле курал-жарак менен колго түшкөндүгү боюнча журналисттин суроосуна Атамбаев аны жан сакчысынын эски жоруктарынын жардамы менен каралабоого чакырды.

Атамбаев Эркин Мамбеталиев анда 2003-жылы жан сакчы болуп иштегендигин, андан бери 14 жыл өтсө да анын атын президент менен байланыштыра беришкенин эске салды. Атамбаев өзү буга негиз жок деп эсептейт.

“Ушул жылдар аралыгында менде канча деген жан сакчылар алмашты. Бирок көптөр Мамбеталиевди Атамбаев менен байланыштырганды каалашат.  Анын азыр кармалганы боюнча айтсам, машинада эки адам болгон экен, жандарында курал-жарак бар экен. Экөөсү тең соттолду. Эгер Мамбеталиев Атамбаев менен бир болгондо ал азыр башкача болмок.  Бирок ал Атамбаевди өлтүргүсү келген Рыспек Акматбаевге кетип калган, эмнегедир бул тез эле унутулуп калды.  Мен кимдер мени Мамбеталиевдин жоруктары же башка нерселер  менен каралагысы келсе аларды бул ойлорунан кайтууга чакырат элем. Танка баткактан коркпойт деген сөз бар. Ким мени каралаганга аракет кылса мен аларды аябайм!” – деп эскертти Атамбаев.

Гайдайдын белгилүү фильминдеги  “Доценттин”:  “Жаагыңды айрыйм, көзүңдү чукуйм!” деген кыйкырыктары мага эле угулуп жатабы?

Кино башталды!

“Фергана” айрым эксперттерди криминалдык авторитеттердин күтүүсүздөн эркиндикке бошотула башташын  комментарийлөөгө чакырды.

Коомдук ишмер Адил Турдукулов: “Атамбаев өзүнүн президенттик кызматын баштап жатып “Уюшкан кылмыштуу топтор менен элдешкис күрөш жүргүзүүгө” ант берип, убада кылган. Бирок, 2010-жылдан тартып кылмыштуу дүйнөнүн эң ири өкүлдөрү Батукаев, Көлбаев, Мамбеталиев, “Карышкыр”, “Алтуха” жана башкалар абактан эркиндикке чыгарылды. Атамбаевдин кадр саясатын эске алганда бул тангалычтуу деле эмес…

Саясат таанучу  Иван Каменконун пикири боюнча шайлоонун алдында криминалдык авторитеттердин күтүүсүздөн абактардан бошотула башташы албетте  тынчсызданууларды пайда кылат.

-Эгер бул фактыларды айрым, өз алдынча талдап көрсөк, бийлик криминалитет менен таасир берүү чөйрөлөрүн өз ара бөлүшө албай жатышат же уюшкан кылмыштуулукту көзөмөлдөөнүн тегерегинде бир тилге келе алышпаган, – деп ойлойт Каменко, – Эгер бул маселени президенттикке башкаруучу партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкердин шайлоо кампаниясын араб мамлекеттери каржылай тургандыгын, бул анын тарабына көптөгөн динчилерди бура тургандыгы боюнча өлкөдө кеңири тараган имиштер менен жалпылап карасак, бийлик административдик ресурстарды ушунчалык начар көзөмөлдөп калганын  жана бөлүнүп-жарылуу алдында турганын боолголоого болот. Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн дагы кошумча факторлорду – диний жана криминалдык  күчтөрдү мобилизациялоого муктаж. Бул аракеттерди мындан башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

Саясат таанучунун пикири боюнча бул окуялар бүгүнкү бийликтин терең административдик кризисинин абалын көрсөтүп турат.

-Башкаруучу элита өзүнүн эл арасындагы авторитетине ишенбейт, алтургай өзүнүн жер-жерлердеги администрацияларга дайындаган өкүлдөрүнө да ушунчалык ишенбейт деңиз, аргасыздан коркутуу жана көзөмөлдөө фактору катары криминалдын жардамын тартууга муктаж болууда. Бирок шайлоочулардын аракеттерине көзөмөл кылуунун мындай түрү көптөгөн коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Эң биринчиси – бул ошол эле коомдун саясый турмушуна катышууга бийлик өздөрү легалдаштырып, өз алдынча оюнчу катары чакырып жатышкан криминал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн.  Экинчи тобокелчилик – бул административдик блок менен күч органдарынын  бүгүнкү бийликтеги саясый элитадан бөлүнүп кетиши. Бийликтин криминалдык көзөмөлүнө чыдабаган административдик жана күч блокторунан оппозициялык күч куралып кетиши. Мунун баары биригип, башкаруунун административдик кризисине жана социалдык жаңжалдардын деңгээлинин көбөйүшүнө алып келет.

Улугбек Бабакулов

“Фергана.ру” сайтынан кыскартылып которулду

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *