Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековго каршы күчтөр “Мурси” долбоорун башташканы айтылып жатат

Бүгүн, 16-апрелде КР Премьер-министри Сапар Исаков өзүнүн буйругу менен КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жумушунан бошоткон Болот Сүйүнбаевди КР Финансылык полициясынын начальниги кылып дайындады. Эми Сапар Исаков  президент тарабынан жумушунан айдалган Абдил Сегизбаевди өзүнүн орун басары – КР өкмөтүнүн коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча вице-премьерлигине дайындоо аракетин жасап жатыптыр.  Бул деген премьер-министр  президентке каршы согуш жарыялады деген кеп. Албетте Сапар Исаков муну өз алдынча эмес, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы шефинин ишарааты менен баштады.

Ушул эле күнү экс-президент Алмаз Атамбаев  “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары менен жыйын куруп, президент Сооронбай Жээнбековдун кадрдык саясатына өз нааразычылыгын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго каршы экинчи фронтту ачты.

Бүгүн КСДПнын лидеринин орун басары Фарид Ниязов партиянын Саясый кеңешинен кетип, “Апрель” фондун жетектей турганы белгилүү болду. Азыр “Апрель” фондуна эбегейсиз чоң каржылык ресурстар аккумляцияланып, бир нече телерадиоканалдар, сайттар, гезиттер жыйналып, Фариддин колуна тапшырылды. Жакынкы күндөрдө Фарид  Кыргызстандын тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй  медиакүчтөр менен  президент Жээнбековго каршы маалыматтык согушту – үчүнчү фронтту ачат.

КР Финполициясынын жаңы башчысы Болот Сүйүнбаев президент Жээнбеков тарапка оогон бизнесмендерге жана саясатчыларга каршы өзүнүн “тымызын согушун” баштайт.

Кыргызстандагы Сооронбай Жээнбековго каршы күчтөр “Мурси” деп аталган тымызын долбоордун алдына биригип жатышканы айтылып жатат. Бул долбоордун катышуучулары президент Жээнбековго бир кездеги Египет президенти Мухамед Мурсинин кебетесин кийгизебиз деп камданып жатышат экен. Ошондуктан долбоор “Мурси” деп аталган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Мухамед Мурси Египеттин бешинчи президенти, ал эми демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти болгон.  2011-жылы “араб жазы” деп аталган толкундагы Египет революциясынан кийинки президенттик шайлоодо демократиялык жол менен экинчи турда утуп алып, 2012-жылдын июнунан баштап, бир жылдай президенттикти жүргүзгөн. 2013-жылы июлда өзү кызматка дайындаган эле адамдары тымызын “революция” жасашып, кызматтан кулатып, кылмыш ишин ачып камакка алышкан. Мухамед Мурси да ишенчээк, ислам динин бекем тутунуп, беш убак намаз окуган, кесиби боюнча аскердик ракета курулушунун инженери болгон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *