Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор өзүн-өзү актабайбы?

Кыргызстандагы жеңил унаалардын саны эбак эле 1 миллиондон ашкан. Ал эми транспорттордун көбөйүшү албетте экологияга өз кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондуктан акыркы учурларда жарандардын кара түтүнгө, кирдеген абага болгон даттануулары байма-бай каттала баштады.

Мындай курч көйгөйдү тез арада чечүү керектигин депутат Дастан Бекешев ЖКнын отурумунда айтып, К-4 жана К-5 күйүүчү майларына 2021-жылдан эмес, 2019-жылдан тарта өтүү керектигин сунуштаган. Анткени аталган күйүүчү майлар жакшы тазалоодон өткөндүктөн, алар абага зыяндуу заттарды азыраак көлөмдө бөлүп чыгарат.

Белгилей кетсек, бул кадамга өтүп, артыкчылыгын баалагандардын катарында Орусия, Казакстан жана Европа өлкөлөрү бар. Ал эле эмес, “күйүүчү май, бензин, дизелдик отун, мазут жана реактивдүү кыймылдаткычка колдонулган майлардын коопсуздугуна болгон талаптар” боюнча өздүк техникалык тартип иштеп чыккан Тажикстан дагы тизмеге кирген.

Ал эми Кыргызстанда бул көйгөй ата мекендик “Кытай” мунайды кайра иштетүүчү заводдорго такалды да калды. Ошону менен катар парламент өкүлдөрү башынан начар үлгүдөгү иштелип чыккан күйүүчү майларды 2021 жылга чейин экспортторун айтып келишкен.

Өкмөттү аталган маселе боюнча “бул кадам кайра иштетүүчү мунай заводдорунун ансыз деле туруксуз абалын ого бетер начарлатат” деп тынчсыздандырууда.

Эскерте кетсек, азыркы учурда өлкөнүн аймагында 2 ири мунайды кайра иштетүүчү Кара-Балтадагы “Джунда” жана Токмоктогу кайра иштетүүчү заводдор иштеп келет.

Бирок аты эле болбосо, бул эки завод Кыргызстанды 20% гана күйүүчү май менен камсыздайт, ал эми калган 80% бул импорт, б.а. сыртган ташылып келинет.

Анын үстүнө ЕАЭБдин талаптарына ылайык, 2021-жылга чейин заводдордо керектүү жаңылануу иштерин жүргүзүп, чыгарылган күйүүчү майлардын стандарты К-5ке жетиши керек.

Кызыгы, Орусияда бул кадамга өтүү үчүн кеткен чыгым 1 триллион долларды түзгөн. Биздикиндей 2-3 заводдун тегерегиндеги сумма 100 миллион доллардын башын чапчыйт.

Аталган сумма, иштеп жаткан заводдордун үстүнө кошуп дагы бир заводду куруу керек дегенди түшүндүрөт.

Бирок бул жерде инвесторлордун каржы каражаттары жетеби? Мамлекет өзүн-өзү актабаган долбоорлорду жылдыра баштабайбы деген суроолорду өзүбүзгө беришибиз керек. Себеби алардын өндүрүмүнө “Наполеондун” пландары 10 жылдан бери эле иштелип чыгып жаткандыгы сыр эмес.

Эксперт Азамат Ибраимов бийликтегилердин ата мекендик заводдорду иштеп чыгаруу боюнча үмүтүнөн шек санады.

Анын айтымында Орусиядан өлкөнүн муктаждыктарына толук жооп берген алымсыз сырьё алынып келинсе деле, алардын ишмердүүлүгүнөн бир пайда чыккан жок.

“Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетип чыгуу заводдорун түптөө боюнча чечим 2о09-жылы кабыл алынган. 2010-жылы алгачкы курулуш иштери башталып, завод эксплуатацияга берилген. Өндүрүштүк объект негизи ЖЧК “Чайна Петролъ компани “Джунданын” карамагында. Ал 8о миң кубометр продукцияны камтыган мунайбаза жана заводдун өзүнөн турат. Завод начар октан бензиндин маркасын, дизелдик отун жана күйүүчү-майлоочу отун иштеп чыгат. Бирок менин билишимче бул майлардын көпчүлүк бөлүгү болжонгондой ички рынокко эмес, Тажикстан жана Афганистанга экспорттолот. Кыргызстанга келсе дагы минималдуу көлөмдө келет”, – дейт Азамат Нурбаевич.

Эксперт мунайды кайра иштетүү – бул абдан кымбат өндүрүш экендигин белгилеп өттү.

Мунайды кайра иштетүүнүн айлана-чөйрөгө жана адамдарга коопсуз болушу үчүн миллиардаган акчаларды жумшоо керек. Бирок инвесторлор биринчи орунга тургундардын коопсуздугун койбой, түшкөн киреше тууралуу көбүрөөк ойлонушат. Ал эле эмес, бир топ эле чоң өнөр-жай обьектилери деле ушундай. Балким ошондуктан акыркы 5 жылдын тегерегинде заводдордун ишмердүүлүгүнөн улам булганган аба менен дем алууга мажбур болгон жергиликтүү жашоочулар менен завод ээлеринин ортосунда уруш-талаштын аягы басылбай келет. Ошол эле карабалталыктар “Джунда” мунай иштетүүчү завод тараптан келген курч күкүрт жытындай жагымсыз жытка даттанып келишет.

Жыйынтыгында мамлекет ушундай көз көрүнөө киреше алып келбеген, экологияга кооптуу объекттердин кызыкчылыктарын коргоп келет деп айта алабыз. Мунайды кайра иштетүүчү заводдордун ар кайсы жеринен мыйзам бузуулар чыгып жатса кайдагы жаңылануу тууралуу кеп? Жеке мен ишене албайм”, – деп кошумчалады Ибраимов.

Кызыгы “Джунда” заводунда совет учурундагы орнотмолор иштейт, өткөн кылымдын 60-70 жылдарына тиешелүү өндүрүш Кытай тарабынан берилген.

2000-жылдардын башында Кытайда экологиялык көйгөйлөр курчуп кеткен. Ошондо алар күчтүүлүгү жылына 2 миллион тоннадан ашкан жана сапаты К-5тен төмөн мунай өндүрүмдөрүн чыгарган заводдордун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу мыйзам кабыл алышкан. Сыягы ошондо аталган заводдорду Кыргызстанга алып келүү тууралуу чечими кабыл алынса керек.

Ошону менен катар экономика министри Олег Панкратов ЕАЭБдин регламенттерине ылайык, К-5 стандартына жооп бербеген күйүүчү майларды иштеп чыгарууга болгон тыюуга карабастан, мунай заводдор өз ишмердүүлүгүн токтотпойт экендигин айтты.

Албетте, келечекте ички керектөөчүгө иштейм дегендер өндүрүштү жаңылатууга мажбур. Качып кете алышпайт. Ал эми каражаттар тууралуу айта турган болсом, бизнес мыйзамдарына ылайык, алар эбак эле туш тараптагы тобокелчиликтерди ойлонуп чыгышкан.

Ал эми Орусия ири камсыздоочулары тарабынан унаа май өлкөлөрүнө импорт ансыз деле жаңы стандарттар менен жургүзүлүүдө. Себеби Орусиядагы заводдор ЕАЭБдин регламентинде талап кылынган К 5 өндүрүмүнө мурун эле өтүшкөн. Ошондуктан ЕАЭБдин талаптарына өтүү ыңгайлуу болуш үчүн министрлер кабинети жана президенттин аппараты заводдордун эски стандарттар менен жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүн узартуу боюнча чечимди кабыл алган”, – деп ишендирген Панкратов.

Азыркы учурда таразанын ташында сапаты начар күйүүчү майлардын жана унаалардын көптүгүнөн улам өтө тездик менен экологиялык коллапска жакындап жаткан 6 миллион элдин ден соолугу коюлду. Балким чынында эле Дастан Бекешевдин демилгесине кулак салып, коңшулар сыяктуу К-4 жан К-5 стандарттарынан төмөн эмес майларга өтүү керектир. Себеби бул норма жарандардын ден соолугуна жакынкы аралыктан тарта өзүнүн жакшы таасирин тийгизет, ал эми жергиликтүү заводдор экспорт үчүн төмөнкү сапаттагы майларды өндүрүүнү 2021-жылга чейин уланта алышат.

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *