Кыргызстандагы «үчүнчү революция» же Армениядагыдай саясый кризис бизде эмнеге кайталанган жок?

Эгер өлкөбүздөгү 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциялардын эмне себептен чыккандыгын талдай турган болсок, анда быйыл да үчүнчү ирет ыңкылап болуш керек эле. Анткени А. Атамбаев башкарган алты жылда карапайым калктын жашоо-турмушу оңолгон жок, жакырчылык менен жумушсуздук да жоюлбады. Баарынан да сырткы карызыбыз рекорддук чекке жетип, Акаев, Бакиев 20 жылда алган 2,5 млрд доллар 4,5 млрд.га жетти. Эң коркунучтуусу, ошол карызыбыздын эң көп бөлүгү Кытайдан алынгандыктан, мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч жаралып отурат. Ошол эле учурда коррупция, трайбализм сыяктуу илдеттер күч алып, жалаң гана бийликтегилер байлык топтогонго жетишти.

Бирок сабырдуу, чыдамкай жана кеменгер кыргыз эли эски бийликтин ушундай эзүүсүнө, алдамчылыгына көз жумуп, мөөнөтү бүтөрүн күтүп, чыдап келди. Бир чети өткөн окуялар баарыбызга сабак болуп, өз элине кыянатчылык кылса да президенттерди кубалагандан, бейкүнөө балдарынын өмүрүн кыйуудан пайда жок экендигин, дүйнө жүзүнө гана шерменде болорубузду түшүнүп калышты. Ошондуктан диктатордон кутулуунун бир гана — ​аны жан-жөкөрлөрү менен кошо революциялык эмес, эволюциялык (шайлоо аркылуу) жол менен бийликтен кетирүү жолу калган.

Тилекке каршы А. Атамбаев президенттигинин акыркы күндөрү “Өзүм менен кошо эски саясатчыларды алып кетем, мен кайра келем, алар келишпейт…”, — ​деп аша чаап, өзүн Кудайдай эле сезип алган эмес беле. Чындап эле бийликти жалгыз өзү менчиктеп же түбөлүк мурастап алган кызмат ордун бекер берип жаткандай жаңы президент С. Жээнбековду “Досум эле досум”, — ​деп, ал эми Конституцияны күч менен өзгөртүп (33% шайлоочулардын колдоосу менен), мамлекет башчынын көпчүлүк ыйгарым укуктарын премьер-министрге өткөрүп бергендиги жана ал орунга өмүрү бир күн чарбада иштебеген “сары бала” С. Исаковду “балам” деп алып келгендиги эң оболу өлкөнүн келечегин эмес, жеке кызыкчылыгын ойлогондук, түбөлүк бийликте калуу амалы болчу.

Ошондуктан алгач эл С. Жээнбековдун саясаты кандай болорун күтүп, чочулап турушкан. Бактыга жараша табиятынан таза жана шайлоо учурунда элге берген убадаларын аткарууну унутпаган президент “эски көчтү” улантуудан баш тартып, “досун” эмес, элди тандап алды. Мындай деп айтууга мамлекет башчыбыздын Ф. Ниязов, А. Сегизбаев, Б. Сүйүмбаев, И. Жолдубаева, У. Исраилов сыяктуу экс-президенттин жасоолдоруна айланган жетекчилерди кызматтан алуусу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш баштап, кыргыздын таза жигиттерин алардын ордуна дайындап жатышы далил болуп саналат.

Өткөн жумада премьер-министр С. Исаковдун өзү үчүн күтүлбөгөн жагдайда Жогорку Кеңеш тарабынан ишмердүүлүгү “канааттандырарлык эмес” деп табылып, бүтүндөй өкмөт курамынын толук бойдон отставкага кетирилиши президент, депутаттар эмес, эң оболу элдин күткөн тилеги болчу. Парламент мүчөлөрү, ал тургай эски бийликтин КСДП партиясынын депутаттары да мындай чукул кадамга А. Атамбаевден тажагандыктан жана эл менен мамлекеттин келечегин ойлогондуктан барышты окшойт.

Ооба, депутаттарга эл, шайлоочулар аябай эле нааразы. Көпчүлүгү акчанын, жердешчиликтин күчү менен мандат алып келишкен. Билими, интеллектуалдык деңгээлдери да төмөн. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында парламенттин аброю мынчалык түшкөн да эмес. Бирок бул ирет кыйраткан бир иш жасашпаса да жок дегенде кнопканы “жок” деп басып койгонго жарап, чоң эрдик жасашты жана ушул “күнөөлөрүнөн” жарым-жартылай арылып, элдин бетин карай турган болуп калышты. Бул Кыргызстандагы үчүнчү революцияга барабар чоң саясый окуя да болду. Себеби С. Исаков өкмөт башчы бойдон кала берсе, анда ансыз деле итке минген экономикабыз ого бетер кыйрап, дефолт абалына жетип калышы мүмкүн эле. Ал эми эл мындан ары мындай популист жана кежир өкмөт башчыга чыдабай, толкуп кетерин деле күтсө болмок. Бактыга жараша депутаттар эсине келип, өкмөттүн ишине ишеним көрсөтпөө менен өлкөбүздүн саясый турмушун оң жолго салып коюшту. Ошентип А. Атамбаев жана анын кланынын түбөлүк бийликте калуу тууралуу кыялы биротоло ойрон болду.

Ал эми “Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиясы” деген долбоор чындыгында алардын түбөлүк бийликте калуу амалы эле. С. Исаковдун бир кадамы да ишке ашпаган “40 кадам” программасы да чөлгө курулган сепилдей бир күндө урап түшкөндүгүнүн башкы себеби чыныгы турмушка дал келбей, жалаң гана элдин башын айландыра турган популисттик максатты көздөгөндүктөн максатына жеткен жок. Сыягы, байлык менен мансапка мас болгондуктан алар президент, эл жана депутаттар тарабынан мынчалык каттуу сокку болорун күтүшпөсө керек, экс-премьер-министр парламенттен “2” алып чыккан күнү эле өздөрү каржылаган “Апрель” телеканалынан түз эфирге чыгып, депутаттарды “саясый өлүк” деп атады. Чындыгында бул өздөрүнүн мындан ары саясый аренадан кетип гана тим болбой, “саясый өлүккө” айлангандыгынын далили болуп саналат.

А. Атамбаевдин жогоруда эскертилгендей, “… мен саясатка кайра келем” деген сөзүнүн төркүнү спикер же премьер-министр болуу экендиги айдан ачык эле. Эгер 31-марттагы КСДПнын курултайы үзгүлтүккө учурабаса жана С. Исаковго депутаттар тарабынан ишеним көрсөтүлбөсө, ушул эки кызматтын бирин ээлемек. Анда бизде чындап өлкөдө кош бийлик орноп, Армения сценарийи кайталанышы мүмкүн эле. Бактыга жараша байлыгы жана амбициясына ишенген менен элдин каарынан сестенген атамбаевчилер азыр “капитуляция” болуп отурат.

Балким, алар реванш алууга умтулуп, бир ыңгайлуу учуру келгенде кайра саясый аренага чыгууга умтулушар. Бир чети саясый капиталын өздөрү жеп коюшкан менен акчасы көп. Бирок Кыргызстан менен кыргыз элине кылымдык кыянатчылык кылган эски бийликтин адамдарына элибиз экинчи ирет ишеним артышы арсар. Эми алар өлкөдөн куулбай же камалбай, эсен-аман эле бала-чакасынын кашында отуруп, дубана болсо да күн көргөндүгүнө ыраазы болуш керек…

К. Жолдошов

Булак: Жаны Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *