Кыргызстанда Жусуп Абдрахманов жөнүндө фильм тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыяланды

«Аскар Салымбековдун фонду» коомдук фондусу кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган киносценарий боюнча даректүү фильмди тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты – залкар коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, новаторлукту, иновациялык идеяларды, жаңы технологияларды колдоо болуп саналат. Фильмде Жусуп Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү, саясий көз караштары, адамдык сапаттары ар тараптуу талдоого алынат.  Ошондой эле анын улуттук лидер катары бейнесин ачып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо келечек муундардын мекенчилдик сезимин ойготуп, мамлекетке ак кызмат кылуунун таалим-тарбиялык өрнөктөрүн ачып көрсөтүүгɵ багытталат.

Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү киносценарий Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм кеңешинде кабыл алынган жана кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган.

Конкурска катышууну каалаган кинорежиссерлор:

  1. Режиссердук сценарийди;
  2. Даректүү фильмге кетүүчү чыгымдарды;
  3. Фильмди тартуунун мөөнөттүк иш планын

2018-жылдын 1-июлуна чейин Аскар Салымбеков фондусуна тапшырып, белгиленген күнү өз идея-сунуштарын коргоого милдеттүү.

Конкурстун жеңүүчүсү аталган даректүү фильмди тартуу укугун алат.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *