Кыргызстандык артисттер Казакстанда “Маң” спектаклин коюшту

Астана шаарынын 20-жылдык майрамдык иш-чарасынын алкагында, 10-16-июнда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры жана Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры VI – Эл аралык театрлаштырылган «Самгау» фестивалына катышып жатат. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

11 июнда Астана шаарынын «Жастар» театрында драматург Султан Раевдин Чынгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романын мотиви менен жазылган Нарын облустук театрынын жамааты өзүнүн «Маң» спектаклын коюшту. Кыргыз артистеринин өнөрлөрүн көрүүчүлөр жана Узбекистандын, Татарстандын, Петропавовскдун, Усть-Каменогорсктун, Шымкенттин жана Астана театрларынан келген кесиптештери баалашты.

Чыгармачыл топту колдоого Кыргыз Элчилигинин жамааты жана кыргыз диаспорасы катышты.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *