Кыргызстандык ажылар 29-август күнү Меккеден Мина өрөөнүнө көчүшөт

Мындай чечим Мекке жана Медина шаарларындагы 2017-жылдагы ажылыкты уюштурууда ажыларга кызмат кылуучу көчмө топтун жыйынында белгилүү болду. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын алкагында быйылкы жылы Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү, 2017-жылдын 29-август күнү Мекке шаарынан Мина өрөөнүнө Кыргызстандык ажыларды автобустар менен жеткирип, жайгаштыруу маселеси каралды. Муну менен катар ар бир ажы башчыга чучу кулак тартылып, кайсы топ качан көчөөрү аныкталуу менен алар үчүн атайын көчүү графиги бекилди.

“Ажыларыбыздын жатаканадан Мина өрөөнүнө, андан Муздалифа өрөөнүнө көчүрүү ишинде жоопту болгон штабдын мүчөлөрү аныкталды. Таш атууга баруудагы жана Минадагы чатырларды бөлүштүрүүгө да жоопту адамдар бөлүнүп, бир катар тапшырмалар берилди”,-деди жеринде Марат Кадыкеев.

Ошондой эле ажылык амалын аткарганы келген Кыргызстандык ажыларды жетектеп жүргөн ажы башчыларга бир катар тапшырмалар берилип, Мина, Арафат, Муздалифа аймактарындагы коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча тапшырмалар, эскертүүлөр берилди.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев ажы башчылардын кызматтарына ыраазычылык билдирип, быйылкы ажылык иштерин жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып,  жоопкерчилик менен иш алып барууну талап кылды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *