Кыргызстандык режиссердун тасмасы Түштүк Кореядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Режиссёр Бекзат Пирматовдун «Аврора» тасмасы Түштук Кореянын Бусан шаарында  өтүүчү эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу кино таануучу Гүльбара Төлөмүшова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Фестиваль 12-21-октябрь аралыгында өтөт. Анда 250дөн ашуун тасма көрсөтүлөт. Аталган кинолордун 1/3 бөлүгүнүн бет ачары дал ушул фестивалда орун алат.

Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага 7 миңге жакын кино жаратуучулар, белгилүү актёр жана актрисалар жана 2 миңге жакын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Бусан кинофестивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *