Кыргызстандык спортчу каратэ боюнча Дүйнө Чемпиондугунда коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Мантилахун кызы Айдай  KWF кекушинкай каратэси  боюнча II  Дүйнөлүк Чемпиондугунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Сергей Шевченко билдирген.

Анын айтымында, мелдеш 3-4 ноябрда  Казакстандын борбору Астана шаарында болуп өттү.  Медалдар үчүн ар кандай ккатегорияларда 30 өлкөдөн келген спортчулар ат салышкан. Мантилахун кызы Айдайй 50 килограммга чейинки салмак категориясында 14-15 жаштагы спортчулар арасында “кумитэ” бөлүмүндө ат салышкан. Ал 5 беттештин 4нү утуп, үчүнчү орунга татыган.

“Менин командамдагы бир нече каратэчилер байгеге илинишкен жок, бирок өтө балуу тажрыйба топтой алышты. Дүйнө Чемпиондугунун деңгээли өтө жогору болду”-деп билдирди Сергей Шевченко.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *