Кыргызстандыктар каза болгон Новосибирскдеги өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду

Новосибрск облусундагы бут кийим фабрикасынан чыккан өрттөн улам, адамдардын өлүмү болгондугу үчүн РФ Кылмыш кодексинин 216 беренесинин 3 бөлүгү (коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча  кылмыш иши козголду. Бул туурасында КР ТИМ билдирет.

Министрликтен өрттүн кесепетинен эки адам каза болгондугун такташты. Бири 1994-жылы туулган Б.у.Д., экинчиси 1991-жылы туулган С.у.Ю. Ал эми 1999-жылы туулган К.у.Н. денесинен 2-даражадагы күйүк алган жана медициналык жадам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.

Эске салсак, кечээ, 4- январда Новосибирск  облусунун Чернореченский айылында бут кийим фабрикасынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 10 адам каза болгон, алардын экөө кыргызстандык.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *