Кыргызстандыктардын өмүрүн алган Новосибирсктеги бут кийим фабрикасы мыйзамсыз иштеп жаткан

Он адамдын, анын ичинде эки кыргызстандыктын өмүрүн алган Новосибирсктеги өрттөнүп кеткен бут кийим фабрикасы мыйзамсыз иштеп жаткан. Бул туурасында РИА Новости агенттиги ӨКМдин жергиликтүү  Башкы башкармалыгына шилтеме жасап билдирет.

Ага ылайык, имарат тиешелүү тартип боюнча эксплуатацияга кирген эмес. Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Алексей Брызгалов адамдарга өрттү өз алдынча өчүрүүгө жол берген, муну менен ал жумушчулардын бир канчасын өлүм коркунучуна алып барган. Анын үстүнө имаратта күйүүчү материалдар өтө көп болгон.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкендей цехте негизинен чет өлкөлүк жарандар иштешекен. Алардын саны 30 га жакын болгон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *