Кыргызстандын алтынын кымырган казак миллиардери 55 миллион сом төлөдү

Кыргызстандагы “Бозумчак” кенин иштеткен казакстандык “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясынын директору, миллиардер Ильяс Тулекеев үй камагына чыкты. Ага “салыкты жаап-жашырган”, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, салык төлөөдөн качып, 2015-жылы 9760 тоннадан ашык алтын концентратын чыгарып кеткен деген айып тагылып, Казакстанга кетер алдында кармалган. Жыйынтыгында ал салыкка төкпөй койгон 55 миллион сомду мамлекеттик казынага төгүп берди. Тулекеев” Казминералс Бозымчак” ишканасын түзүлгөндөн бери жетектеп келет. Компания Ала-Букадагы “Бозумчак” кенин иштетет.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *