Кыргызстандын бийлиги “өлөрүнө аз калды” деп абактан бошотуп жиберген Азиз Батукаев Москвада 3 базарды талашып, “мыйзамдагы уурулар” менен кагылышып жүрөт

Москванын “Прайм-Крайм” аттуу кылмыш дүйнөсүн чагылдырууга адистешкен сайты 5-январь күнү Кыргызстандын бийлиги мыйзамсыз абактан бошотуп жиберген “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев тууралу жазып чыкты.

Сайттын маалыматы боюнча чечен авторитети Азиз Батукаев азербайжан авторитети, “мыйзамдагы ууру” Гули Салифов менен кагышып, ал көзөмөлдөгөн Москванын үч: Дорогомиловский, Даниловский жана Бутовский базарларын талашып жатыптыр.

Өзүнүн базарларын сакташ үчүн Гули Салифов Азиз Батукаевге каршы 700 “жоокерин” куралдары менен алып чыккан. Ушундан кийин гана чечендер азербайжандарга тар чөйрөдө жолугууну сунуш кылышкан.

Чечендер жогоруда аты аталган базарларга Азиз Батукаевдин атынан келип, акча жыйноого аракет кылганда азербайжан авторитети Гули Салифов Азизге телефон чалып, бул аракетти түшүндүрүүнү талап кылган. Ал эми Батукаев кыска жана одно формада базарлар анын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Анда Гули мунун баары Азизге жана ал ишенип жаткандарга жаман бүтөрүн эскерткен.

“Россиянын “N1-уурусу” Дед Хасан өлтүрүлгөндөн кийин Чеченстандын жетекчилиги анын ордуна Россиянын “N1-уурусу” кылып Азиз Батукаевди олтургузууга аракет кылып, Кыргызстандан Россияга алып келишкен. Бирок Азиз Россиянын масштабында Чеченстандын авторитети гана болуп калды, бүткүлроссиялык маштабга көтөрүлө албады”, – деп жазат “Прайм-Крайм”.

“Эми Гули Салифов менен болгон кагылышуудан кийин Азиз Батукаевдин “Мыйзамдагы ууру” титулу шек жаратты жана аны эми калыбына келтирүү оңойго турбайт. Анын үстүнө Азиз кайсы жерде жана ким тарабынан коронация болгону аликүнчө сырлуу болуп келатат. Азиз Кыргызстандан Россияга келгенден кийин “Мыйзамдагы ууру” Шакронун колдоосуна ээ болуш керек болчу, бирок алар бир да жолугушкан эмес. Канткен күндө да Азиз Батукаев азербайжан эмес “мыйзамдагы уурулардын” арасынан биринчи жолу Гулиге тийишкенге батына алган ууру катары тарыхта калат. Ошондой эле Россиянын атайын кызматтары: “Гули Салифов чечендер менен күч көрсөтүп сүйлөшүүгө жарай турган биринчи каарман” деп тастыкташты”, – деп кошумчалайт “Прайм-Крайм”.

 Гули Салифов

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *