Кыргызстандын биринчи мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбековга арналган илимий иш-чара болуп өттү

15-декабрда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында Кыргыз АССРнин 90 жылдыгына, Кыргыз ССРнин 80 жылдыгына арналган “Абдыкадыр Орозбеков: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири” аталышындагы илимий иш-чара болду.

Ага Президенттик Аппараттан, Жогорку Кеңештен, Президенттик Аппараттын алдындагы “Мурас” фондунун, Абдыкадыр Орозбеков атындагы фонддун, ошондой эле Тарых жана маданият жылын өткөрүүдөгү мамлекеттик дирекциянын өкүлдөрү, белгилүү тарыхчылар, коомдук ишмерлер, КР УИАнын Тарых жана маданият мурас институтунун окумуштуулары катышты.

УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев бул жыйында:

“Өтүп бара жаткан 2016-жыл Тарых жана маданият жылынын алкагындагы өтө чоң иш-чаралардын жылы болду. Үч нерсени айта кетейин, жалпы кыргыздын “кыргыздыгын” дүйнөгө тааныткан “III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” өткөрүлдү, 1916-жылкы улуу боштондук көтөрүлүштү биринчи жолу эл аралык деңгээлде белгилегенди. Үчүнчүсү –  Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын өткөрдүк. Ага чейин дагы көптөгөн окуялар болуп келген. Ал эми Кыргыз АССРнин 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин 80 жылдыгы деген жөн жерден чыга калган жок. Аны ишке ашыруу үчүн кыргыздын эр азаматтары күрөшкөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгү идеологиясын айтып Абдыкерим Сыдыковдун өмүрү кыйылган. Андан кийин Жусуп Абдрахманов, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматовдорду унутпай, эстеп жүрүүгө биз милдеттүүбүз” – деп айтты.

Андан кийинки куттуктоо сөзүн улап, Апсамат Масалиев атындагы фонддун төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев: “Чынын айтканда бул даталар мамлекет тарабынан 10 эсе жогорку деңгээлде өтүшү керек болчу. Бүгүнкү күнү тарых тарыхчыларга гана керек болуп тургандай. Тарых жаштарыбызга жетпей жатат. Алар 100 жылдык эмес 25 жылдык тарыхты билбей жатышат” – деген оюн айтты. Андыктан тарых илимине жардам берүүгө даяр экенин кошумчалап, азыркы учурда китеп чыгаруу оңойго турбагандыктан, А.Масалиев атындагы фонду атайын 100 миң сом каражат бөлөөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Мадеминов: “Кыргыздын басып өткөн жолундагы жаманы дагы, жакшысы дагы тарых. Абдыкадыр Орозбеков алдында жарандык парзыбызды аткарышыбыз керек. Ата-Бейитте анын сөөгү жок, бирок ал жерге бир атайын композиция жасалышы керек. Зыяратка баргандар, кийинки муун ошондон улам А.Орозбеков менен таанышат. Биз мындан ары бул инсанды балдарга жеткиргенге аракет кылалы. Ал жөнүндө тарыхый, илимий китептер жазылса, тасма тартылса, биз дагы каражат жагынан жардам кылууга даярбыз” – деди эл өкүлү.

Тарых жана маданият жылын өткөрүүдөгү Мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Султан Раев да А.Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кошкон салымына баа берип жатып төмөнкүлөрдү баса белгилеп кетти:

“Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө сөз кылуу биз үчүн өтө маанилүү болуп эсептелинет. Албетте, Абдыкадыр Орозбеков өзүнүн тарыхый так баасын алышы парз. Эч качан тарых саясаттын көз карашынан жазылбашы керек. Кыргыз тарыхында көптөгөн “ала барактар” бар. Ал биринчи кезекте режимдин, саясаттын курмандыгы болуп келген. Менин оюмча кыргыз тарыхына эркиндикти берүүгө мезгил келип жетти. Андыктан, окумуштуулардан, тарыхчылардан үмүтүбүз чоң” – деген оюн билдирди ал.

Президенттик Аппараттын атынан келген өкүл Санжар Тажиматов, “Быйылкы жылы Тарых  жана маданият жылынын алкагындагы бир катар иш-чаралар уюштурулду. Улуттун калыптанышы үчүн негизги ролду ойноп, “Биз ким элек?”, “Ким болдук?” деген суроолорго тарых жооп берет. Руханий баалуулуктарды жоготпошубуз керек. Эгемендүүлүккө жетүү жолунда ошол баалуулуктардан ажырап кала жаздадык. Биздин мамлекеттүүлүк байыртадан түпкүлүктүү” – деди ал.

Иш-чарада катышуучулар “Көрүнүктүү инсандардын өмүр жолу” деген серияны чыгаруу иштерин жигердүү көмөктөшүүгө чакыруу, алардын өмүр жана эмгек жолун пропагандалоо менен жождордо жана мектептердин программасына киргизүү үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу, А.Орозбековдун дүйнөдөн кайткандыгынын себептерин жана коюлган жерин аныктоону КРнын Улуттук коопсуздук комитетине тапшыруу тууралуу сунуш киргизишти.

1925-жылдын 25-майында РСФСР БАКтын (ЦИК) чечими менен Кара-Кыргыз автономиялык облусу Кыргыз автономиялуу облусу болуп өзгөргөн.

1926-жылдын 1-февралында Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы болуп калган. 1937-жылга чейин Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков болуп турган. Башкача айтканда ал – Кыргызстандын биринчи мамлекет башчысы болгон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *