Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусов көрсөтүлдү

Бүгүн, 11-ноябрда белгилүү болгондой, 13-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкердигин карайт.

Буга чейин анын бул кызматка талапкердиги бийликтер тарабынан чечилгендиктен парламенттин комитети формалдуу түрдө гана макулдугун берет.

Ибрагим Жунусов азыр Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келатат. Бирок, ал жердеги мөөнөтү аяктап бараткандыктан ал кызматын таштап кетиши керек эле. Өлкө алдындагы эмгегин эске алган жогорку саясый жетекчилик аны жаңы кызматта пайдалануу чечимин кабыл алгандай.

Ибрагим Жунусов 2007-жылы ноябрда КР Жогорку Кеңешинин IV чакырылышына “Ак жол” партиясынан депутат болуп шайланып келген жана “Мен “Ак жолдун” солдатымын!” деп ачык айтып, ак кызмат кылган патриот.

2010-жылы ноябрда “Ата-Журт” партиясынан КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышына депутат болуп шайланып келген жана ушул эле партиянын квотасы менен декабрда КР Өкмөтүнүн вице-премьер-министри кызматына шайланган.

2011-жылы декабрда жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө “Ата-Журт” фракциясы Ибрагим Жунусовдун талапкердигин сунуштабай коюп, экс-акжолчу жана атажуртчу Ибрагим Жунусов вице-премьерлик кызматынан ажыраганда КСДПчы президент  Алмаз Атамбаев өзүнүн көмүскөдөгү квотасы менен КР Маданият министри кызматына шайлатууга жетишкен.

2014-жылы КР өкмөтү тарап, жаңы өкмөт түзүлгөндө министрлик портфелден ажыраган Ибрагим Жунусовду КСДПчы президент Алмаз Атамбаев сүрөмөлөп, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматына дайындашканда коомчулук Жунусовдун тубаса дипломат экенине тан беришкен.

Булак: Кyrgyztoday.кg

1 ой-пикир

  • Бул адистиги педагог , Анлис тилин билбеген Эл аралык иштерде адис эмес адамды Элчи кылышканына тааң каласын.Жакында эле Тажикстанга адис эмес Жаныш Рны жиберишти. Бизде дипломатиялык оккуларда Биздин жаштар Эмне үчүн окуп жатышат деги. Кыргыз, Орус, Англис жана бир тил Француз, немис, Кытай тилдерин билген адисти коюу керек го. Кадр саясаты качанкыга чейин ТААНЫШ аркылуу чечилет???

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *