Фоторепортаж – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий визитинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюу аземи болду

Кыргыз Республикасынын   Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Тажикстан Республикасына расмий визитинин жыйынтыгы боюнча бүгүн, 1-февралда биргелешкен документтерге кол коюу аземи болду

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Расмий визиттин жүрүшүндө төмөндөгү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтык Программасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Тажикстан Республикасынын  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча агенттиктин ортосунда  кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясы мамлекеттик мекемелеринин ортосунда жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин ортосунда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

КР Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда  кызматташтык  Программа;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча комитеттин ортосунда  кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын территориясында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын территориясында болуу тартиби жөнүндө Макулдашуу;

2017-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун ортосунда  коңшулаштык  өз ара мамилелерди жана достукту чыңдоо боюнча  кызматташуу Планы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *