Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Армениянын Тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян менен жолугушту

Кечээ, 7-ноябрда Астана шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Армениянын Тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян менен жолугушту. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тарап өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшү боюнча сөз кылышып, экономикалык жактан кызматташууга макулдашышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *