Кыргызстанга аралаш күрөш боюнча орусиялык белгилүү балбан, UFS жылдызы Хабиб Нурмагомедов келет

Аралаш күрөш боюнча орусиялык белгилүү балбан, UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов  23-январда Кыргызстанга «АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун чакыруусу менен келет. Бул тууралу “АЮ Холдингдин” басма сөз кызматы билдирди.

Жакында, 2017-жылдын декабрында болуп өткөн мелдеште Хабиб Нурмагомедов бразилиялык балбан Эдсон Барбоза менен күрөшкө чыгып, таза жеңишке жетишкен.

Учурда спортчу UFC жылдызы Тони Фергюсон менен 2018-жылдын жаз мезгилинде өтүүчү күрөшкө даярданып жатат. Ал эми Нурмагомедовдун UFCнун учурдагы чемпиону Конор Макгрегор менен күрөшү 2018-жылдын эң маанилүү спорт окуясы болмокчу.

Хабиб Нурмагомедов менен жолугушуу семинар-диалог форматында үстүбүздөгү жылдын 24-январында саат 11.00дө «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунда кыргыз спортунун жылдыздары жана спорт коомчулугунун башка белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Жолугушууда катышуучулар балбанга кызыккан суроолорду берип, кумирден автограф алууга болот.

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *