Кыргызстанга суперпрезиденттик

Кеп чынынан бузулбайт. Менин бу макаланы жазууга Советбек Байгазиевдин “Манастын Алтайдан окуган “Алиппеси” деген, Айкөл атабыздын ордого чейин кантип бийликке тарбиялангандыгы жөнүндө кезектеги эпостук ой жүгүртүүсү (“Майдан” 06.06.18) газетасына жарыяланганы түрткү болду. Ооба байкенин, “саны аз калктарды ассимилациялап жутуп коюуга жөндөмдүү бүгүнкү глобалдашуунун агрессивдүү чабуулдарынын шартында “Манастын” бул улуу педагогикалык сабагын, же башкача айтканда, бабалардын бала тарбиялоо даанышмандыгын зеке бекем түйүү жана пайдалануу жарандарыбызда, жаш муундарыбызда улуттук иденттүүлүктү, улуттук рухту, зтномаданий компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн аба менен суудай зарыл нерсе”- деп жазганы эң туура.

Бирок мен жогоруда айтылгандарды дагы кошумчалап кетүүнү батынган себебим: С.Байгазиевде “Манастын” педагогикасы – бул балада тарыхый эс тутумду тарбиялоо аркылуу улутту сактоонун жалпы педагогикасы катары берилген. Ал эми мага ошо кездеги ички, тышкы саясат, ордо башкарууну окутуунун мектеби жана ата-бабабыз күтүнгөн рухий баалулуктардын азыркы күнгө таасири кызыктырат. Себеби, адамды адам кылган баш, мамлекетти мамлекет кылган жакшы жетекчи. Мисалы түрктөр Осмон империясы учурунда бүт Европаны багындырган менен, өз кызын аялдыкка берүү сыяктуу айла-амалдарды колдонсо дагы “Кыргыз каганатын” түзүү, же Барсбектин элин башкалардын туткунунда эмес, эркиндикке баштаган асыл оюн көп жылдар жеңе алышкан жок. Эми андан берки Ормондун тарыхта ордун алып көрөлү… Айрым оозуна алы жетпегендер айтып жүргөндөй ал, 4 күн Улуу Курултайга келгендерди атайы жылкы эти менен чычкактатып, өзүн-өзү Хан шайлаткан күндө да жалпы журтка жүрөгү таза болгон. Ошо бийликтин аку-чүкүсүн беш колундай билгендигинен Орион кокту-колотто бытыраган уруулардын башын бириктирип, сырт душмандан коргонуу айла-амалын ойлоп тапкан. Ага катар “Хан таламайдын” эсебинен кедей-кембагалдарын багып, ортолуктун (азыркыча мамрезерв) санын да көбөйткөн. Мен билгенден: ошол эле Орион шайланганда (ордо жупуну, чөйрөсү 40 чоро, 40 кыз сыяктуу привелегия күтпөгөн менен) “Хан таламай” деген салтка ылайык 300 бодо малый сарбагыш уруусунун кедей-кембагалдарына таркатып, мисалы жашайылмет үй-бүлөгө бооз уй берсе экинчи жылы анын төлүн салык катары алып турганы – мындай саясатты башка уруу башчылардан талап кылгандыгы менен белгилүү. Ушундан улам кыргыз мамлекетүүлүгүнүн сакталып калышы жөнүндө кеп кылганда жогорку макалада баяндалган: “бала каздай баркылдап, ак сакалы жаркылдап, абалкыдан кеп баштап, акырын сүйлөп бек таштап” Акбалта даанышман Алтайда Манаска сабак окуткандай, Ормонду Ормон кылып, ушу даражага жеткизген Ниязбектин образы көзгө тартылат. Себеби, казак, кыргыз чабышына кайрылсак Качыке баатыр: “Балдарым… ордо башкаруу оңой эмес. Мен Ормондон Ниязбек аксакалдын тарбиясын сезип турам. Же ал: мунун баарын жалгыз өзү үчүн жасаган жери жок, жалпы кыргыздын жүгүн көтөрүп атат. Биз ага жардам берели… уруу- урууга бөлүнүп, өткөн-кеткенди кектебей биригели? Антпесек айланайын Аблабек, ортолукка ат сураса “бербейм” деп кежеңдеп, сен аяган малды кийин казактар келип айдап кетип, алтындай жериңди, алмончоктой кыздарынды күң катары тартып алат”,- деп, жетимиш жаштан ашкан курагында (бир кезде Ормондон ыза көргөндүгүнө карабай) казактар менен болгон урушка 500 кол топтоп барган маалымат тарыхта бар.

Мына ушу жагдайдан улам “адамды адам кылган баш, мамлекетти мамлекет кылган жакшы жетекчи” экенин дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Ооба, кээде ошол; талашып-тартышып бүтүндөй калк менен карсылдашып, далай күч-кубат, каражат жумшаган согуштук тактикага караганда, анын башында турган авторитеттүү адамдын көзүн тазалап, душмандын биримдигин ыдыратып, жеңишке жетишүү оңойго тураарын болжогондор болгон. Мисалы 1768-жылы түрктөр орустардын к үстөмдүгүнөн кутулуу үчүн Екатерина 2-ге “чума” оорусу жуктурулуп, алтынга асыл г таштар чөгөрүлгөн баалуу белек менен ч элчи жиберишкен. 1882-жылы кытай тарап кыргыздын Нарын дарыясынан аркы жерин бөлүп кетүүгө кедергисин тийгизген Байзакка уйгурлар аркылуу кымызга уу кошуп беришкен. Андыктан өлкөнүн өсүп, өнүгүүсү, анда жашаган элдердин ынтымак- ырыскерлиги: мейли кайсы учур болбосун ошо шайланып келген жеке адамдын билим деңгээлине, С.Байгазиев айтмакчы жети » атасын билээр-билбестигине, патриоттук сезимине, мекенчилдигине көз каранды.

Ошондуктан, “Ат бастыра албаган жолду н бузат, эл башкара албаган букарасын бузат”, “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”, “Хан бир сүйлөйт”, “Төөдөн жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт”, “Бетеге кетет бел калат, бектер өтөт эл калат”- деген кыргыздын ат көтөргүс сөздөрү бар. Атаңдын көрү! Айрымдар айта турган оюн очойгон китепке араң батырса, бизде аны макал-ылакаптап бир сүйлөм менен эле ташка тамга баскандай баяндап койгону жана урпактарга тийгизген тарбиялык мааниси тири укмуш. Балким, кыргыздын кыргыз болуп сакталып калышынын бирден бир себеби да ушудур. Чындыгы байыртан адамдардын социалдык абалы бай-манап, кедей кембагалга бөлүнүп, ар кандай жагдайлардан улам мамлекет ичинде да, тышында да канчалаган карама-каршылыктар болуп келген. Мындан азыркы кыргыз  мамлекеттүүлүгү үчүн ата-бабабызга ырахмат! Минтип өзүбүзчө түтүн булатып жашап жатабыз. Бирок биз акыркы убактарда  “эгемендикке жеттик” деп калпагыбызды  асмандата ыргыткандан бери 27 жыл өттү Кыргыз турмушу өзгөрдүбү? Жок. Анткени өлкөнү бири кетсе экинчиси келип, бийлик  “алиппесин”’ тааныбаган, орусча айтканда экөө “случайный”, кыргызчасы “байкабай  башына бак конгондор”, үчүнчүсү акчасы  бар, Курманжан энебиз айткандай “эл башылык деңгээли жок” адам башкарды. Же, ке журтубузга абдарикаты зор бир адам айтты  деп – Акаевди, манту жегени кетсе – Бакиевди, канча баланын канына сабын эки революция жасаган – Атамбаевди президенттикке шайладык. Ошондуктан 27 жылдан бери баягы чабалекейдин арманындай “мында туусам… мында жок, мында жылан жеп коёт”. Булардан эл үмүтү акталган жок. Себеби биздин менталитетке туура келбеген, же Л.Гумилевдун сөзү менен айтканда “Башканын закону менен жашаган эл өнүкпөйт”.

Ооба, эгемендиктин мщикы жылдары А.Акаевдин бийликке келиши менен эле биз ээрге ченебей кыйшык отурганбыз. Ал жалган иллюзия менен Орто-Азия чөлкөмүндө авторитардык режимди бузган киши болуп, “Демократия аралчасы”, жана “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз”- деген, Байдылда акын айткандай “Кыргызга чымындай пайдасы жок”, батышчыл ураандын алдында иштеди. Бизге караганда – коңшу казак, өзбек улутунун бактысы тоодой экен. Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримовдор – СССР учурунда топтогон эл байлыгын чыпчыргасын коротпой сактап калды. Алар А. Акаев сыяктуу ар кимди ээр-чибей, азыркыга чейин ошол авторитардык режим менен эле өнүгүп, өсүп жатат. Ушу жерде белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматовдун бир сөзүн эскерте кетейин. Ал кабарчынын берген суроосуна: “Биз төрт киши чогулуп Чыкеге барган себебибиз, Кыргызстанды башкарса анын дүйнөлүк авторитети бар эмеспи дедик”-деп жооп берген. Бирок, бизге Акаев шайланды. Андан кийин “багы жокко… дагы жок”- Бакиев заманы келди. “Катынды Кудай ураарда карыганда жаш болот. Ханды Кудай ураарда эли менен кас болот”. “Кыш чилдеде үшүсөңөр тезек тергиле?”, “Бир туугандарым акылдуу болсо эмне кылайын, эгер менин (кландык) бийлигиме карты чыксаңар – автомат менен болсо да Ак үйдү коргойм”- деп, кудум Чикагодой майкындап, аттыргандарын аттырып жүрүп мунубуз куулду. Ортодо өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева жөнүндө аркы, беркини кеп кылууга мүмкүн эмес.

Ал эми 2010-жылда ынкылаптан кийин кара таман элдин үмүтү, жаңы бийликке болгон ишеними эң зор болуучу. Акталдыбы? Жок. Жыйынтыгында батыштын мыйзамдарын өзүнө ылайыктап, мисалыга: “тизмеде арткы катарда турган адам алдынкысы менен келишип алып астыга жылат”, же “Ата-Мекенден” ЖКнын эки депутаты шаардык кеңешке катталып, партиянын атына добуш топтоп, алар өткөн соң кайра мурунку ордуна барып отуруп калат”- деген сыяктуу бирденкелерди көчүрүп жазып, Ө.Текебаев “Конституция атасы” аталды. Саясатта достук жок, айрыкча (атаңдын көрү!) кыргызда көчүк чукушмай гана бар. А кезде Өмүкен Алмаз менен камыр-жумур болучу. Бабановду премьерликтен кетирүү керек болсо, көпчүлүк коалициядан чыгып-кирип биргелешип, экое тең элге эмес, жалаң өздөрү үчүн иштеди. Бара-бара көп партиялуулук, же У.Черчилль айткандай “парламентаризм эң начар система” экенин көрсөттү. Адалсынган молдонун ашканасында алты доңуздун башы бар.

А.Атамбаев конституцияны оңдоо менен С.Исаковду Башбакандыкка калтырып, 2012-жылы болжогон “бийлик элитасын жаштардан түзүп алсак, Кудай буйруса эки жылда оңолуп кетебиз”- деген сөздөрүнүн тескери жыйынтыгы мына азыр чыкты. Жана да… бу президент Кудайды ортого кошуп, коррупцияга каршы күрөшкон болуп, бирок анын баткагына өзү белчесинен батканы, карандай калпты катырганы менен эсте калды.

Эми, баятан бери “аталган үчөөнүн кемчилиги эмнеде?”- деген негиздүү суроо туулат. Ооба, өлкө башкаруу оңой эмес. Ага айрыкча талант, саясат жүргүзүү керек. Мисалы Куран китепте – Кудай-таала эркекти  жер үстүнө өзү жиберип, аялды анын кабыргасынан жаратканы жазылган. Анан ойлоп бак… үй- бүлө деле бир кичинекей мамлекет. Эгер Адам атабыз шарияттын жолу менен аялга ошол кабырганын ийрис  жериндей саясат жүргүзбөгөндө турмуш  турмуш болот беле… Ушу сыяктуу жогорку аты аталган биздин үч президентте – улутман Ормондун духу, Бакайдын, Акбалтанын тарбиясы жетпеди. Ырас мындай болгон соц, ар ким өзүнө жараша чөйрө күтүп, Акаев -Бриштейинди, Бакиев – бир туугандарын, Атамбаев – шоопур-моопурун кеңешчилик, чоң- чоң кызматка алды. Акыл эмес, акчанын үстөмдүгү жүрө баштады. Атандын көрү! Учурунда 2 эмес, 6 революция жасап, анын ортосунда бир президентин атканга чейин барып, жетесиз жетекчилер биздеги “Кумтор” сыяктуу кен байлыктарын сыртка ташытып “жыртык тепшиде” калган, сан жагынан Кыргызстандан 10 эсе көп: Түштүк Корея “кантип өнүктү?”- деп ойлойсуз. Че Пьей сыяктуу бир эле акылман «кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып”, чачылганын жыйнаган. Элинин да артыкчылыгы аны уккандаганда.

Мисалы, Атамбаев, Бабанов сыяктуу завод, фабрикаларын сыртка ташыгандарды – алардын баарын кайра өз өлкөсүнө кайтармайын эзели кызматка алган эмес. А бизде мыйзамдуулук жок, эки жарандуулар деле депутат, Эл башылар “капыл жерден сөз тапкан, караңгыда көз тапкан” кадырман Бакай, Акбалта, Ниязбек сыяктуу карыялардын тарбиясынан өтпөй, Советтик доордун кайридин тарбиясынан өткөн. Ошондуктан чөйрөбүз Дооронбек аксакалдын “дүжүр” чалдарына толуп кетти. Сөзүм супсак чыкпасын алардан бирин-экин мисал келтире кетейин. Жакындан бери “Багыт” газетасына баягы “Максимдин көзү укмуш” деген 91деги академиктин “Эл башыларына аталык айтаар кебим”- аттуу макаласы сандан-санга чыга баштады. С.Байгазиев, Ж.Сааданбеков сыяктуу окумуштуулар Кыргызстандын келечеги жөнүндө түйшөлүп кайрылуу жазса, жарыктык бу киши С.Жээнбековдун бир туугандарын мактап, 7 жылдан бери жанына жакындатпай койгон Алмазга таарынгандай ар кайсыны божурап, эң негизгиси Москвада качып жүргөн Акаевди көчүрүп келүү жөнүндө – жаңы президенттен жантыгынан жата калып суранганы өтө кызык. Ал эми кара жерди как жарган калыс, же “Толубайдай сынчы, Токтогулдай ырчы” болуунун ордуна – дагы бир “Эл акыныбыз” келген эле эл башыга арноо жазып, мисалга Бакиев учурунда “Жаңы Агым” газетасына “Акылдуулардын баары Россия, Казакстанга иштеп кетип, Кыргызстанда бала-бакыра, чал, кемпирлер калды”, “АШАга окшогондор экинчи революция жасай албайт” дегендей арсар кебин кымтып жүргөн адамдын… кийин анын тилин таап кеткени, эми болсо Сокенин короосун акмалай баштаганы -тири укмуш. Ушундан улам Манаска бийлик “алиппесин” таанытып, согушта жеңиш үчүн “Аккелтедей” курал жасап берген Акбалтадай аалым – устат эмес, азыр бизде башкаларга тарбия берүүгө өздөрүнүн деңгээли жетик нарктуу, барктуу чалдар да калбай калганбы (?) деген кашайган ой мээңди жейт. Анан кантип өнүгөбүз?

Ооба, айрым атка минерлер бирденке десең кайрадан системаны өзгөртүү жөнүндө кеп баштап, жерибизден бензин, газ чыкпайт, бизде трайбализм, регионализм күчөгөн, мамлекеттик идеология жок, “ал эле – бул эле, атыр чөптүн гүлү эле” дешип ар кайсыны айтып жатый калышат. Менимче өнүгүүнүн чордону башкада… Бизде баары бар, бензин, газдын ордуна… мөңгү-суудай байлыгыбыз, Ала-Тоо асыл мекенибиз бар. Бирок ошо байыркы элибизди алдыга сүрөп, жол баштап кетүүчү, бийлик “аллипесин” тааныган адам жок. Мисалы, жогорто саяк Качыке сарбагыш Ормондон орой сөз уккан үчүн  баласы Аалыга сайдырып, Ак-Татырда өргө сатып,  мурун экөө касташкан күндө да, кийин баштарына жамандык келгенде өткөндөгүлөрүн унутуп, бир муштумга биригүүсү, же Манаста жазылгандай “кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып – КЫРГЫЗ БОЛУУНУН” өзү – идеология. Ал эми 27 жылдын ичинде өнүгүп, өсүүнүн барометри – мыйзамдуулук, күч органдарын, сот системасын реформалоо жагы алдыга жылган жери жок. Келген эле президент өзүнө ылайыктап Конституцияны оңдоп, анын тарпын чыгарып бүттү. Парламентте бир жылда эки миңден ашык мыйзам чыгат. Бирок анын теңинен көбү толук иштебейт. Мисалы жакында ЖКда “Шайлоо кодексинин” тегерегинде ызы-чууну талдап көргүлөчү… беш партия беш хандык сыяктуу менчикке айланган. Анан башкаруу системасы туурасында кеп кылганда мына коңшу Кытай социалисттик эле өлкө. Бирок ага, Конфуцийлик окуудан өткөн эл башылары, капитализмдин айрым жакшы жактарын жуурулуштуруп (1960-жылдан) иш көзүн таап, кыска аралыктын ичинде өлкөсүн өнүгүүнүн туу чокусуна жеткизди. Же Нобелдик сыйлыкты саясатта эмес, жазуучулук иши үчүн алган У.Черчилль учурунда кризиске баткан Англияны 42 закондун негизинде эле бүткүл дүйнөлүк чоң державалардын катарына кошкон. Мындан улам, белгилүү коомдук жана саясий ишмер Ж.Сааданбеков айтмакчы, анан биз кайдагыны айтып “дөөдүрөйбүз”. Бул адамдын мынчалык жаны кашайган себеби, жакында президент Сооронбай Жээнбеков менен кеткен премьер- министр Сапар Исаковдун ортосундагы атаандаштык мамиледен “Кыргызстанда кош бийлик кризиси келип чыкканына” кооптонуусун жашырбай, конституциядагы “бомбага” салыштырып, андыктан (Турцияда парламенттик системадан президенттикке өткөн сыяктуу) бир авторитеттүү адамдын алдында башкаруу керек”- деп, “Би-Би-Синин” кабарчысына жооп берди. Эң туура. Мына бизде “алып-сатмай” экономика, мурункудай завод, фабрикалар иштебей, жумушсуздуктун айынан теңибиз тентип сыртта жүрөбүз. Бюжеттин тартыштыгы 22 миллииард сом. Өкмөт 368 миң чиновникти бажы телом, салыктын эсебинен багып, акыркы 7 жылда жалаң Кытайдан карыз алуу менен жашадык. Эң негизгиси саясатта 6 менчик партиядан башка алгалыктуу жылыштар болбогондуктан, уруу-урууга бөлүнүп жыйын өткөрүү тенденциясы күч алды. Мисалга 2015-жылы 27-сентябрда мен кайын эжем аркылуу Чоң-Арыктын үстүндө “Сейил” бакта “солтолор курултайына” катыштым. Алар көтөргөн масалелердин эң орчундуусуна токтолойун. Биринчи, Чүй өрөөнүндө 12 аталыкты “Байтик ата” коому менен толуктоо, экинчиси Кара-Жыгачта К.Самаков сатып алган жерди өз урпактарына кайтаруу, үчүнчү  Бишкек баатырдын эстелигин борбор калаабыздын чок ортосуна койдуруу экен. Капырай, уруучулуктун жыты ушунчалык буркурап согуп турду… угуп отурсаң жаныңан түңүлөсүң. Биринчисинде; эки бээ сойдуруп, жыйын башкарган адам эмне үчүн буга чейин аларды аталыктардын катарына кошпой келгендиги жөнүндө маалымат берди. Көрсө, 1991-жылы “Республика” газетасынын алгачкы санына “Байтик рекет болгонбу?”- деген макала жарыялангандыктан солтолор ич-ара коомайсып жүрүшүптүр. Экинчиси, Чүй бооруна башка жактан келгендер толуп, “биздин бала-бакырага жер калбай калды”- деген ойлор айтылды. Үчүнчү, борбор калаабыздын аты жөнүндө чыр-чатактын келип чыгышы кайрадан козголду. Тарыхчылар Д.Сапаралиев, Т.Абдиевдердин изилдөөлөрү шоона эшпей, алар журналист К.Мамбеталиевдин “Вечерный Бишкек” газетасына жарыяланган “Бишкек баатыр” аттуу макаласын беттерине кармап, “чет жактан меймандар келсе уялып атабыз” деп, бийликтен мэриянын астынан жер бөлүп беришин талап кылган резолюция кабыл алышты.

Ооба, биз азыр ушундай бөлүнүп- жарылуу менен жашап, айрым А.Бекназаровго окшогон саясатчылар «Үчүнчү революция болот” деп болжогондой кылдын кырында турган сыяктуубуз. Бул жагдайды немис тарыхчылары жазгандай Алтайда тээ 1705-жылга чейинки Кыргыз каганатынын тарап кетүү себептерине салыштырып көрсөк да болот. Анда да жалаң уруу-урууга бөлүнүүнүн айынан; тува, хакас, нанай, чукча аталып чачырап кеткендиги далилденген. Айтмакчы Байгазиевде “Бүгүнкү глобалдашуу учурунда – биздей майда калктардын чоң мамлекет ичине жутулуп кетүү”, Сааданбековдо “Конституцияда -бомба” сыяктуу коркунучтардан тышкары бизде башка да мисалга, АКШнын мурунку коргоо министри Уильям Перринин Америка менен Россиянын ортосунда ядролук согуш чыкса, кыямат-кайым башталаарын билдирген техникалык коркунуч деген бар. Ал жер үстүндө жашаган баардык адамдардын мойнунда Домоклдын кылычындай илинип турат. Себеби, У.Перри кызматта иштеген учурунда бир жолу түнкү саат Зтө абадан коргонуу боюнча күзөт офицери телефон чалып, “Орусиядан АКШга карай 400дой ядролук ракета учуп чыкты”- деп билдирген. Министр бул маалыматты кайрадан тыкат текшерип көрүүнү өтүнүп, алиги офицер экранда бузукту байкабаганда алардан жооп иретинде канчалаган ядролук ракеталар учуп чыгып, 10 мүнөттүн ичинде жер үстү канды булоонго түшүп калмак. Жогоркулардан улам азыркы кыргыз саясаты тууралуу терең ойлонуу эң орчундуу маселе.

Ооба, Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден бери 9 айдын жүзү болду. Бул, Андроповдун реформасына салыштырмалуу оголе көп убакыт. А киши 3 айдын ичинде жакшы жыйынтыкка жетишкени маалым. Бизде, акыркы кездеги талоончулукка карты күрөшү сыяктуу азыноолак жылыштар бар. Анткен менен масаленин “бирогун” эске ала жүрбөсөк, аягы мурунку кептеген компаниялар сыяктуу натыйжасыз бүтүшү да мүмкүн. Күрөштүн өзөгүн мамлекеттеги комплекстүү иниституционалдык өзгөртүүлөр түзүшү керек.

Жакында Сооронбай Шарипович Таластан “Түштүктүн балдарын түндүккө, түндүктүкүн түштүккө ротация кылуу керек” деп сүйлөгөн менен, Ош шаарынын мэрии шайлоодо альтернативасыз бир адамды дайындатып койгондугу – сөздөн ишке өтүү жагынан саал коошпой калгансыды. Ошондой эле депутат Р.Момбековдун пикиринде далай БОМЖтун өмүрүн кыйган кьппкы суукка ырахмат, АШАнын бат пардасы ачылып, саясатта достуктун жок экендиги аныкталды. Болбосо алар… мурункудай мамиледе кала бермек беле ким билет. -Ошондуктан 9 ай өтүп, президенттик ат салышта айтылган 36 коррупционердин (качып кеткен Бабанов, Шадиевди кошпогондо) Исаков, Кулматов. Сатыбалдиев сыяктууларын азыр гана кечигип камай баштаганы, ал эми саясий туткундардын соту мурунку чечим боюнча калтырылганы, кийинки кезде айрым саясатчыларда Соке доорунда деле “Качинский. АШАнын таасири күч” деген пикирлерди да жаратууда.

Эми кебимдин акырында мен 2012-13-жылдарда жазылган “Эл башкара албаган букарасын бузат”, “Кумтөрдүн” алтыны канаданыкы калдыгы биздики”, “Элдин пейилине жараша падыша деген макала, маектерде айтылган ойлорукду азыр да кайталайм. 6 миллион калкы бар кенедет Кыргызстанга “суперпрезиденттик” эле система керек. Себеби, өкмөт аппаратын, бирин-бири кайталаган руктураларды жоюудан, депутаттардын санын  кыскартуудан канча миллиарддаган сом акча үнөмдөлмөк. Бүгүнкү күндө өзүңүздөр сезип тургандай оптимизация деп, пенсионерлерди иштен айдагандан майнап деле чыкпайт.

Шах Жума

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *