Кытай сыйыртмак салып жатат

Глобалдык экономиканы анализдеген Quartz журналы Кытайдан карыз алган сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарып, алар бересесин убагында кайтарбаса кыйын кырдаалга тушугаарын эскертти. Макаланын автору Тим Фернхолц былтыр Шри-Ланка Кытай бийлигине 1 миллиард доллардан ашуун карызын кайтара албай, деңиздеги соода портторун Кы­тай корпорацияларынын башкаруусуна өткөрүп бергенин, азыркы тапта Африкадагы Жибути да Кытайга карыз болгондуктан, АКШ ээлеп турган базасынан айрылганы жатканын, буга АКШ бийлиги нааразы экенин мисал келтирди. Кытайдын “карыз менен кылтакка илүү дипломатиясына” айрыкча жакыр өлкөлөр кылдат мамиле жасашы керектигин белгиледи. “Глобалдык өнүгүү” аттуу бейөкмөт уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыр­гызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан. Бу­га чейин Тажикстан карызынын ордуна Памир өрөөнүнөн миңдеген гектар жерин бергени маалымат каражаттарында жазылган. Окумуштуулар эртеби же кечпи Кытай карызын доолап, аны төлөтүп алууда эл аралык нормаларга шайкеш иш алып барбай турганын, бе­ресесин төлөй албаган өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Бул коңгуроо Кыргызстандын бийлигине сабак болушу шарт.

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

 

 

 

2 comments

  • пенсионер says:

    Бизди эбегейсиз карызга батырган АШАга дагы бир орден бергиле. Деги биздин чиновниктердин мээлери ордундабы же мээлери Кыргызстанга каршы иштеген мээлерби?

  • Тенизбай says:

    Кичинекей неселерге мээси жетбегендер эл башкаруучу болгондуктан мамлекеттин келечеги коркунучта, а АШАга баари бир,жыргап жашай берет Малидеби, Балдеби, Кыке таз кейипин кийбесе болду.?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *