Кытайда камалгандардын арасында депутат Адыл Жунус уулунун иниси бар экендиги кабарланды

Кытайдын Шинжаң (Синьцзянь) уйгур автоном районунда камакка алынган кыргыздардын арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулунун иниси, тарыхчы Аскар Жунус  бар экендиги айтылууда.

Мындай маалыматты “Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети” тастыктады.

Адыл Жунус Кытайдагы Шинжаңда төрөлүп, Кыргызстанга 1991-жылы келген. 2015-жылы “Республика – Ата – Журт ” фракциясынан парламентке депутат болгон. Анын иниси Аскар Жунус 49 жашта. Ал Шинжаңдагы Социалдык илимдер академиясында иштеп жүргөн.

Адыл Жунус уулу Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

“Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитетинин жана Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин “саясий тарбиялоочу лагерь” деп аталган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Булак: KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *