Кытайлар “Иштамберди” кенин мыйзамсыз иштетип жатат

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Чаткал жолундагы “Иштамберди” кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү  300дөй тургун 12-июнда митингге чыгышты. Алар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик мүчөлөрү жолугушуу өткөрдү. Жашоочулар кен мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү, таза сууга уулуу заттар төгүлүп жатканын, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну жана элге компенсация төлөп берүүнү талап кылып жатышат. “Иштамберди” алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам эмгектенет.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *