Кытайлык кыргыздардан кыргыз бийлиги кабар алабы?

Кечээ, 29-ноябрда баш калаадагы “Достук” мейманканасынын жыйындар залында Кытайдагы кыргыздардын укугун коргоо комитети тарабынан өткөрүлгөн маалымат жыйыны болуп өттү.

Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болгондой, улуу кошунабыз экономикалык ири секириктер менен гана эмес, өз өлкөсүндөгү улуттук азчылыкты түзгөн түрк тилдүү улуттардын укугун басмырлоо менен да белгилүү болууда. Соңку жылдарда уйгур жана казак улутундагылар менен кошо кыргыздарды да куугунтукка алуу күчөгөндүгү жарыя болууда.

Албетте, Кытай коммунисттик өлкө катары жабык, катаал мыйзамдары менен белгилүү болгон мамлекет. Ага карабастан, андагы этникалык азчылыкты куугунтуктоо бизге АКШ жана Европа маалымат булактары аркылуу келип жетүүдө. Соңку маалыматтарга караганда ал жакта 700 миңдей казак улутундагылар, 50 миңдей кыргыздар болбогон шылтоолор менен камакка алынып, бейкүнөө азап тартышууда. Буга кошумча далил катары соңку 10 жылда түрк тилдүү улуттар жашаган аймактарда 160тай “саясий үйрөнүү лагерлери” — ​катаал режимдеги түрмөлөр курулган жана алар Кытайдын келечеги үчүн “ийгиликтүү” кызмат кылышууда.

Маалымат жыйынында учурда кыргыз атуулдугун алышкан, теги кытайлык 8 адам сөз алып, алар өздөрүнүн жакын туугандарынын күнөөсүз жерден камалып, азап тартып жатышкандыгын далилдер менен айтышып, көз жаштарын көл кылышып, бул проблеманы чечүүгө жардам берүүнү суранышты. Алардын айтуусуна караганда мурда тыңыраак кыргыздарды камап кетишсе, азыр интеллигенция өкүлдөрүн, 80–90 жаштагыларды да абакка салышууда.

Кыргыз жарандыгын алган студент Малик уулу Жусуптун 20дай жакын тууганы камакка салынган. Иса уулу Сейитбектин 8 бир тууганы камакта отурушат.

Маалымат жыйынына келип катышкан Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытов чыгып сүйлөп, бул маселени терең талдап, колдон келишинче жардам берээрин айтып, жабырлануучуларды жолугушууга чакырды.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *