Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районундагы бир үй-бүлөдөгү 4 майыптан кабар алды

Бүгүн, 7-июлда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылындагы бир үй-бүлөдө төрт майып жашаган Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кабарчысы маалымдады.

37 жаштагы Жеңишбек Хидировдун эки буту иштебей калган, ал эми 60 жаштан ашкан апасы Сурмакан Хатамова белинен чыккан шишиктен улам ордунан туруп баса албайт. Жеңишбектин бир тууганы Айгерим жана жалгыз кызы дагы майып. 2 уулу бар. Бул үй-бүлөдөгү бардык мүшкүл Жеңишбектин аялы Ширин Адановага жүктөлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев бул үй-бүлөдөн кабар алуу менен бирге өзүнүн резервдик фондунан 30 миң сом акчалай жардам берди. Учурда бул үй-бүлөгө Сузак районундагы Жумакан Жаркулова жетектеген «Асылай» ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коому, Бишкектеги Азамат Байматов жетектеген «Кайрымдуу бол кайрымдуулук фонду» жана чет элде иштеп жатышкан мигрант жердештерибиз Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнө 5 бөлмөлүү турак жайды куруп жатышат. Бул жаңы үй эки айдын аралыгында бүткөрүлүп, тапшырууга берилет. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев турак-жайды курууда жардам керек болсо көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин Октябрь айылындагы майыптардын үй-бүлөсүнүн кабар алуусунда Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Багыш айыл аймагынын башчысы Райымбек Мырзабеков бирге болушту.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *