Кыз ала качуу качан жоюлат?  

 

Ала качуу көйгөйү Кыргызстандагы жоюлбаган эң негизги маселелердин бири болуп келүүдө. Коомдогу бул терс көрүнүш басаңдабай, тескерисинче күчөгөнү жанды кашайтканы деле ырас. Андай окуяларга күбө болгондо көкүрөк каккан эр-азаматтарыбыздын маңыроолугуна көзүң жетет. “Качанкыга  чейин биздин мөлтүрөгөн кыздарыбыз мал көрүнүштөн ажырайт ?” – деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Жаштарыбыз аң-сезими, түшүнүгү тайкы, сабатсыз болсо, анда маселенин баары билимсиздикте дейт элек го. Билими бар, илим-билимдин, өнүккөн техниканын доорунда жуурулушуп жүрүп эле кызды ала качуу көрүнүшүнүн орун алганы күйбөгөндү күйгүзөт.

Бул туура эмес көрүнүш экенин айтсаң “ала качуу ата-бабадан келаткан салт” – дешет. Вай, андай салтыбыз бар болсо, анда эмне үчүн ал тууралуу кыргыз элинин энциклопедиясы аталган “Манас” эпосунда эскертилбейт. Кыргыз элинин кулк- мүнөзүн, каада-салтын даңазалаган оозеки чыгармалардын кайсынысында “кыз ала качуу салт” деп берилет? Же акыркы убакта массалык түрдө жайылтылып, ар бир айылга мечит салынып фундаменти бекемделип жаткан Ислам динининин ыйык китеби “Курандын” кайсы сүрөөсүндө “ала качуу адал иш, аны аткарсаң бейишке чыгасың!” – деп берилгенби? Андай сүрөө жок!

Кыргыздын намыска бек жигиттеринин мындай пастыкка баргандыгы алардын намысына доо кетирбейби? Же такыр эле өздөрүнө ишенбеген мажирөөгө айланышканбы? Анын кылганын ата-энеси, бир туугандары, чөйрөсү колдоп атса доо кетмек түгүл, “туура кылган экенмин!” – деп дардаңдайт. А андай психологиялык басым менен түптөлгөн үй-бүлөнүн андан аркы келечеги кандай болору эч кимди ойлондурбайт. Ал абал кийин балдарына таасир этерин билип туруп жасагандар канча.

Кыз ала качуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында адам урдоого барабар. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 17-бөлүмүнүн 123-беренесинде “Адамды анын эркине койбостон уурдап кетүү, алдоо…, аны туруктуу же убактылуу жашап турган жеринен алып кетип же аны баштагы турган жери­нен айырмаланган жерде кармап ту-руу үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат” деп берилген. Бирок ага карабастан “модага” айланган бул көйгөй күчөгөнү күчөгөн. Өткөндө бир “билермандарга” эмнеге ала качасыңар десем, “ала качуу азыр модный экен да” – дейт. Мыйзам чегинде бөгөт коюлуп жатса, мындай пастыктын модага айланганы кызык. Мунун да себеби бардыр. Анткени бул багытта күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да тийиштүү чараларды колдонбогону коомчулукка белгилүү.

Маңыроолордун жасаган иштерине кантип бөгөт коюу керек де­ген суроо жанды жемелейт. Бул ба­гытта массалык түрдө кыз ала качуу салт эмес экенин жайылтуу керек. Үстүбүздөгү “Ыйман, адеп жана маданият” жылында бул багытта тийиштүү чаралар көрүлөт деген ишенимдебиз!

Булак: “Ачык сөз

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *