Кыз ала качууну тыюунун кандай жолдору бар?

Жакында эле ала качууга туш болуп, натыйжада бычакталып көз жумган Бурулай Турдалиева aттyy секелек кыздын окуясы коомчулукта кыз ала качуу маселесин дагы бир жолу көтөрдү. Көпчүлүк жарандар кыз ала качуу оор кылмыш катары эсептелиниши керектигин билдиришти. Мына ушул маселеге кантип бөгөт койсо болот, ала качууну кантип ооздуктоо керек деген суроо менен айрым жарандардын пикирлерин уктук…

Нурлан Кыдыков, жарандык эксперт:

-Медалдын эки бети бар дегендей, кыз ала качуунун да эки жагы бар. Анын бир жагына жапайы же кыздын макулдугу жок ала качууга жакында күбө болуп, ал өтө чоң резонанс жаратты. Албетте, мыйзамда мындай ала качууга карата каралган жаза бар, бирок эмнегедир мыйзамдуу жазага тартылгандар тууралуу маалыматтар дээрлик жок. Менимче, кызды зордук-зомбулук менен эле качкандарды соттоо ачык-айкын болуп, сыналгы аркылуу жалпы элге көрсөтүлсө, аны көргөн жаштар мындай кадамга бараарда ойлонушат беле. Андан сырткары, жаштардын арасында түшүндүрүү иштери системалуу түрдө жүргүзүлсө да оң жыйынтык берет деген ойдомун. Себеби коомчулукта, ММКларда, соцтармактарда кыз ала качуунун негативдүү жактарын талкуулап да, көрсөтүп да, жазып да жатып, мурункуга салыштырмалуу бир кыйла эле азайды. Эми дагы азаят деген үмүт бар.

Улан Мамбетов, жеке ишкер:

-Бүгүнкү күндө кыз ала качуу Кыргызстан менен Казакстанда эле эмес, Эфиопия жана Кавказ өлкөлөрүндө сакталып калган үй-бүлө куруудагы эски салттардын бириби же кылмышпы? Алсыз аял затынын эркине, каршылык көрсөткөнүнө карабай, зордук-зомбулук менен жеке кызыкчылыгын ойлоп үй-бүлө курууну салт деп атоого ооз барбайт. Илгери калың төлөөдөн качып же кыз менен эркек сүйлөшүп жүрүп, эки тараптын макулдугу менен ишке ашкан ала качуу – бул башка кеп. Өзүнө ишенбеген, кыздарга сөз айтууга айбыккан алсыз эркектер гана ушундай жолго барышат деп ойлойм. Мындан тышкары бай адам менен куда болгусу келип, бой жеткен секелекти макулдугу жок эле башка бирөөгө салып берген ата-энелерди да “сутенерлук” кылды дегендей кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Эми мындай терс көрүнүштөрдү токтотуунун бир эле жолу бар, мыйзамды кагаз жүзүндө эле калтырбай катуу иштетиш керек. Жок, жаш жигиттердин келечегин түрмөгө киргизип талкалабайлы десек, ала качкан жигитти эл алдында жумурткасынан 24 саатка асып коюш керек. Мындай жазадан кийин ал тукумсуз болуп калуусу мүмкүн, эркекке мындан өткөн катаал жаза барбы? Ошондо гана бул коомду артка тарткан жапайы салттан арылмакпыз.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы:

-Тилекке каршы, кыз ала качууну салт дегендер бар, ал салт эмес. Муну мыйзам чегинде токтотуу керек. Бир кезде сөзү мокок, кыз менен сүйлөшө албагандарга бул ала качуу шылтоо болгон. Ала качып барып кыйнап жашабай, тил табышып жашаган жакшы да. Илгери кудалап, балдардын макулдугу дагы каралган. Азыр бул маселени мыйзамдын чегинде же болбосо элдик салтка, элге салып чечиш керек.

Бурул Мусабекова, журналист:

Кыз ала качууга бөгөт коюу үчүн биздин өлкөдө мыйзамдар толук кандуу иштеши керек. Себеби бизде ар бир келген депутат толгон токой мыйзам сунуштайт, анын көпчүлүгү кабыл алынат, бирок иш жүзүнө келгенде мыйзам иштебейт. Кыз ала качабы же башка кылмыш жасайбы бардыгы жең ичинен чечилип, коррупциялык жол менен кылмышкерлер ээн-эркин жашоосун уланта беришет. Кыргызстанда аялдардын укугу да толук кандуу корголбой келет. Ошондуктан ала качуу, ур-токмокко кабылып запкы жеген учурлар көп кездешет. Мындай көрүнүштөргө чекит коюу үчүн кыз ала качкан жаранды 3 же 5 жылга чейин эркинен ажыратып, камакка алуу керек. Мыйзам иштесе жарандардын арасында да кооптонуу сезими күч алып, мындай иштерге барбайт деп ойлойм.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *